Трамп инаугурация алдында Вашингтонго өзгөчө кырдаал режимин киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтонго (Колумбия округуна) чукул кырдаал киргизип, 20-январда өтө турган инаугурациянын алдында коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча федералык күчтөрдү жөнөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө чаралар 11-24-январь аралында күчүндө болот. Бул тууралуу Ак үй шайланган президент Жо Байденге бийликти өткөрүп берүү учурунда коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн экени жөнүндө эскертүү келип түшкөндөн кийин билдирди.

Буга чейин Вашингтондун жергиликтүү бийлиги Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге чабуул жасагандан кийин өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

11-январда АКШнын медиа каражаттарынын колуна тийген Федералдык тергөө бюросунун кызматтык меморандумуна караганда, бардык 50 штаттын борборлорунда жана Вашингтондогу Капитолийдин жанында зомбулук чаралары үчүн камылгалар жүргөн. Вашингтондон тышкары көптөгөн штаттардын шаарларында курал-жарак алып жүрүү мыйзамдуу саналат.

Меморандумда дүрбөлөң коштолушу ыктымал болгон нааразылык чаралары 16-январдан тартып башталышы ыктымалдыгы айтылган.

Федералдык тергөө бюросу бул маалыматка комментарий берген жок. Дүйшөмбүдө Улуттук парктар кызматы Жорж Вашингтондун монументинин аймагы эки аптага жабылганын кабарлады.

Шаршембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча добуш берери күтүлүүдө. Демократ конгрессмендер Дональд Трампка импичмент жарыялоо чакырыгын 11-январда керектүү резолюция долбоорун сунуштоо менен бекемдешти. Эми ал сунушту бери дегенде 218 киши жактап добуш берүүсү кажет. Республикачыл конгрессмендер болсо Трампты расмий түрдө уяткаруу менен чектелүү жетиштүү деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *