Трамп Орусиянын талибдер менен кутуму тууралуу маалыматка ынанбайт

Америкалык чалгын Орусия менен талибдердин кутуму тууралуу маалымат ишенимдүү болбогондуктан, АКШ президентине жана вице-президентке кабарлоону эп көргөн эмес. Бул тууралуу Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Буга чейин The New York Times гезити америкалык атайын кызматтардагы булактарына таянуу менен Москва Ооганстандагы АКШнын жоокерлерин өлтүрүү үчүн сыйакы алганын жазган. Ак үй чалгын кызматы бул тууралуу президент Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенске кабар бербегенин маалымдаган.

Трамп бул макаланы көбүртүп-жабыртуу катары сыпаттап, New York Times фейк жаңылыктардын жардамы менен республикачыларды жаманатты кылып жатканын жазган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле көз карашта. Орусиянын АКШдагы элчилиги журналисттин иликтөөсү дипломаттардын дарегине коркунуч жаратып жатканын билдирген.

“Талибан” Ооганстандагы америкалык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө Орусиянын катышы бар экенин четке какты.

29-февралда АКШ жана “Талибан” элдешүү тууралуу келишимге кол койгон. Документке ылайык, АКШ Ооганстандагы аскер кызматкерлерин 14 айда чыгарып кетиши керек. Буга жооп иретинде талибдер аймактагы террорчуларды жашырып-жаппай, ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк.

Марттын башында Вашингтон Ооганстандан өз аскерлерин чыгара баштаган. Эгер талибдер келишимди бузбаса, АКШ макулдашууга кол коюлган күндөн 14 ай өткөнгө чейин аскерлерин чыгарып кетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *