Трамптардын үч мууну: же үй-бүлөлүк империянын жаралыш тарыхы

Фридрих Трамп: алтын иштеткендердин акчасын алуу

Трамптардын тукумунан Американы багынтууга АКШнын азыркы президентинин чоң атасы – Фридрих Трамп киришкен. Балалык чагы Германиядагы вино жасашкан чакан кыштакчада өткөн өспүрүм өз мекенинде бардык амбицияларын ишке ашыра албасын түшүнөт. Ал кезде бардык европалыктарды Жаңы дүйнө деп аталган АКШдагы жашоо өз мүмкүнчүлүктөрү менен азгырып турчу. Ошондуктан Фридрих да 16 жашка толору менен эле, апасына кыскача кат жазып, SS Eider немец лайнерине билет сатып алып, дагы 12 күндөн кийин Америка жерине кадам таштайт.

Чынында, Фридрих бир гана максат менен келген – эптеп байыш үчүн ал тоону томкорууга да даяр болчу. Ал Сиэтлден түндүк-чыгышта Рокфеллер каржылаган алтын иштетүүчүлөрдүн жаңы шаарчасы куруларын билет. Бул фамилия ал үчүн ишеним гаранты сыяктуу сезилип, табиятынан ишкер Трамп чечкиндүү аракеттерди жасайт. Ал алтын иштеп табууга кызыкпайт, анын ордуна — жакын жерге өзүнүн биринчи конок үйү – отель курат. Алысты көрө билген жаш ишкер жаңы шаарчага эл батпай кетип, тез эле турак-жайга болгон каатчылык келерин илгиртпей туят. Бул ал үчүн абдан ийгиликтүү проект болуп калат.

Фридрих бул ийгилик менен чектелип калбайт. Кулагын сергек кармап, шыбырт угулса угуп, өз кирешесин арттырууну улантат. XIX кылымдын аягында Алясканы Алтын безгеги (Золотая лихорадка) каптап, Трамп андан четте калууну каалабайт. Ал Беннетт шаарына көчүп барып, бул аймакта алтын иштетүүчүлөрдүн агымы көп экендигине ишенет. Ал шаарчага отель жана ресторан курат. Бир нече күндө эле элдин сүйүктүү жайына айлантат. Бирок, тез эле Фридрих темир жол куруларын угуп, ал бир нече километр жетпей, Беннетти четтеп өтөрүн билет. Анын шаардагы клиенттеринин көбү кетип калышарын билип, Трамп абсолюттук гениалдуу чечимге келет. Ал өз отелин баржага – кемеге жайгаштырып, анысы дарыяда ары-бери сүзүп темир жол ачылуучу аймакты өздөштүрөт. Биринчи поезд келгенде Трамптын отели ал жерден конокторду кучак жая тосуп алат…

Фред Трамп: банкротчулуктан кантип пайда табуу керек

1918-жылы Америкада испаниялык грипп эпидемиясы күчөп турган, ал Фридрих Трамптын өлүмүнө себепкер болот. Анын улуу уулу компаниянын мураскери болуп, болгону 12 жашта эле. Үй-бүлө жана бизнес жоопкерчилиги ошол баланын мойнуна түшөт. «Фред старшийдин өмүрү этникалык коомчулуктагы жашоонун классикалык үлгүсү сыяктуу болгон. Анын балалыгы кыска убакытка гана болуп, андан соң көп иштей баштайт. Чоңдордун жашоосуна мындай тез аралашуу же баланы жетилтет, же биротоло сындырып жок кылат. А Трамп өзүн-өзү адам кыла алган!

Ишкердик жана кайраттуулук Трамптардын тукумундагы башкы сапаттардан. 17 жашында Фред биринчи үйүн куруп, андан тапкан пайдасына экинчи үйдү курууга киришет. Анысын андан ары улантат. Бул бизнес абдан өнүгүп, ага киреше алып келе баштайт.

1930-жылдарда Америка Улуу депрессия каатчылыгына кабылып, курулушчулар үчүн абдан оор мезгил башталат. Компаниялар биринин артынан бири жабыла башташат. Арийне, башкалар катастрофаны гана көрүшсө, Фред Трамп жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Трамп үчүн Федералдык турак-жай курулуш башкармалыгынын башчысы болуу чоң ийгиликке айланат. Президент Франклин Рузвельт 1930-жылдарда ачкан бул мекеме Америкалык ортоңку катмарды арзан турак-жай менен камсыз кылууну колго алат. Курулушчуларга акча бөлүп берип, иштете баштайт. Албетте, анын өз компаниялары артыкчылыкка ээ болушат. Бирок, калыстык менен айтканда, алар саны жагынан гана эмес, сапаты жагынан дагы башкалардан мыкты болууга аракет кылышат. Ошентип, Трамптардын Империясы түптөлөт.

Дональд Трамп: брендге айланган ысым

Дональд Трамп балалык чагын атасына таандык чоң үйдө өткөргөн. Бул особняк (Нью-Йорктун өзүндө эмес, ага канатташ жайгашкан Ямайка Эстейтс шаарчасында жайгашканына карабастан), чынында эле керемет үй болчу. Фасадын аппак колонналар жана үй-бүлөлүк герб кооздоп, ичи дагы өзгөчө салтанаттуу шардана менен айырмаланып – 23 бөлмө эң бийик табит менен жасалгаланып, төмөнкү этажда чоң гараж жайгашкан болчу.

Фред Трамп балдарга узак жылдар бою бейпил жашоону камсыз кылган майкөл-сүткөл шартты түзүү менен чектелсе болот деген байлардан эмес эле. Анын өз балалыгы катаал шартта өтүп, ийгиликке жетиш үчүн күчтүү болуш керектигин ырастаган. Дональд жаш чагынан эле атасынын бийик талаптарына жооп бергенге умтулат. Бул кээде кыйынчылык менен коштолот. Бала жаш чагынан эле козголоңчу духка ээ болуп, мектепте дайыма тартип бузуучу катары таанымал болот. Атасы баласы начар окуп, мектептен ар кандай каттар келе бергендиктен, өтө катаал чечим кабыл алат. Жетинчи класстан кийин Фред уулун жеке менчик мектеп-интернатка – «Нью-Йорктогу аскердик академияга» берет. Чоң особнякта эркелеп чоңойгон бала үчүн жаңы, оор сыноо башталат. Эч кандай жеке айдоочуң жок, мектептен алып кетип, ар кандай көңүл ачууларга жеткире турган. Дональд тоталдык дедовщина, муштра жана жалпы казармада жашайт. Бала командири талап кылганды аткарууга үйрөнүп, аскердик академия Дональд Трамп үчүн чыныгы турмуш мектеби болуп калат.

1963-жылы Дональд Трамп Нью-Йоркко триумфалдуу түрдө кайтып келет – ага жыл сайын өтүүчү Колумб Күнүнө карата өтүүчү аскердик парадды баштоо тапшырылат. Ал шаардын борборунда баратканда кубанычы, сыймыгы койнуна батпайт. Ала өз атасына жеңүүчү боло аларын далилдегенине кубанат.

Андан кийин Дональд Фордэм университетинде окуй баштайт, бирок,тез эле Пенсильвания университетинин Уортон бизнес мектебине которулат. Ал башка студенттерден абдан айырмаланат. Терс адаттары жок болуп, көңүл ачуу кечелерине барбай, дайыма жалгыз жүрөт. Ошондо эле ал өз алдына чоң максаттарды коюп, пайдасыз деп эсептеген нерселерге убакыт коротууну чектейт. Бир күнү кыймылсыз мүлк операциялары боюнча окутуучу студенттердин эмне үчүн алар бул адистикти тандап алышканына кызыгып калат. Ордунан сеңселген ак чачтуу жаш жигит туруп: «Мен жаңы Билл Цекендорф (XX кылымдын ортосундагы Нью-Йорктогу ири курулушчу) боломун – дейт ал, бирок, андан жакшыраак боломун». Профессор скептиктик көз караш менен бул мактанчаак студентке суроо узатат: «Сенин атың ким, уулум?». «Мен — Дональд Трампмын!» – дейт жаш жигит.

Дональд Фреддин улуу уулу эмес болчу. Ошондуктан, аны узак убакыт бою атасынын мураскери катары карашчу эмес. Бирок, Доналдцын агасы Фредди Трамп-младший атасынын ишин жөндөп алып кете албайт. Атасы жоготууга, чыгымдарга деле көңүл бурмак эмес. Тек гана улуу уулунун – Фред-младшийдин биринчи эле ийгиликсиз аяктаган иштен кийин катуу кайгыга батып калганын көрүп, анын алсыз экенин түшүнөт. Ага компанияны ишенип берүүгө болбосун билет. Ошондон тартып Дональд Трамп шанска ээ болуп, аны ийгиликтүү ишке ашырат.

Дональд Трамптын биринчи өз алдынча жана амбициялуу проекти болуп Манхеттендеги 42-көчөдөгү имаратты реновациялоо (моралдык жактан эскирген объектини жаңы каражаттар менен жабдуу) болуп калат. 1970-жылдардын аягында эски отель Сommodore анын мурдагы кожоюнунун финансылык кыйынчылыктарына байланыштуу сатыкка коюлат.

Факт жүзүндө Дональд ошондо эле атасынын жолу менен кетет, бул чыгашалуу делген кыймылсыз мүлк объектинен перспективаны көрөт.

Арийне, эгерде күчтүү байланыштары болбосо, ушундай масштабдуу проектти ишке ашыруу кыйын эле болмок. Нью-Йоркто акчасыз эч нерсе кылууга болбойт. Дональд Трамп тобокелчил вабанк жасайт. Имаратка ээлик кылган Реnn Central компаниясына барып, өзүнүн Нуatt Hotels Соrроrаtіоn менен жаңы отель курууга келишими бар экенин айтат. Ал келишим жок болчу. Ошентсе да, бул авантюра иштей баштайт. Дональд Трамп андан соң Нуаtt Hotels Соrроrаtіоnго барып, өзү Реnn Central жеке менчигине ээлик кыларын билдирет. Компания аны менен кызматташууга макулдугун берет. Ошентип, жаш, таланттуу бизнесмен баарын алдап, өзү каалаганына жетишет.

Эми ал имаратты ремонт кылуу үчүн акча тыбышы керек болчу. Дональд Трамп банкка барып, өзүнүн өкмөттөн алган салыктык жеңилдиктери бар экенин айтат. Бирок, харизмалуу жана ораторлук жөндөмүнө карабай, Трамптын бул трюгу ишке ашпай калат. Дональд өз атасынын байланыштарын пайдаланууну чечет. Фред Трамп менен Нью-Йорк мэринин достук байланышы өкмөт тарабынан эбегейсиз чоң жеңилдиктерди алууга мүмкүндүк берет. «Менден элдер кантип 40 жылга салык жеңилдиктерин алдың дешет,- деп комментарий берген пресс-конференция учурунда Дональл Трамп. – Себеби: мен 50 жыл деп сураган жокмун!».

Ошентип, 1980-жылы 42-көчөдө Grand Hyatt New York – Нью-Йорктогу азыркы эң таанымал отель курулган.

Дональд Трамп Нью-Йоркто ийгиликке жеткен соң, шаардын чок ортосуна өз символу болгон имаратты курууну каалайт. 1983-жылы ал эң таанымал проектин- көз мелжиткен 58-этаждуу Трамп-тауэрди курат.

Дональд Трамп эң таанымал массалык маалымат каражаттарынын колдоосуна таянуу аркылуу өзүн рекламалай баштайт. Ишкерликке арналган басылмалардын мукабаларында Дональд Трамп – ийгиликтүү инсан, миллиардер, өзүн-өзү көтөргөн адам катары даңкталат. Ал такай прессанын көңүл борборунда болуп, Нью-Йорктогу эң популярдуу иш чараларга жана клубдарга барууну адатка айлантат. Интервьюларды көп бере баштайт. Анысы аз келгенсип, журналисттер эскергендей, Wall Streat Journal, New York Times, Forbs сыяктуу басылмаларга Дональд Трамп кез-кезде өзү телефон чалып, өзү тууралуу ар кандай окуяларды айтып берип турат. Ал үчүн өз ысымын брендге айлантуу абдан маанилүү болчу – мында да ал ийгиликке жетет.

Кийинчерээк бизнестеги иши жакшы жүрүшпөй калган кездерде дал ушул ысымы ага жардам берет. Ал китептерди чыгарып, сувенирдик продукцияларды жасап, шоу кечелерде тартылып – өз ысымы менен акча таба баштайт. Албетте, Дональд Трампка бир жактуу кароого болбойт. Ага суктанышат, аны жек көрүшөт. Бирок, Трамптын өз жолу бар. Ал аны акыр аягына чейин басып өтөт. Каршылаштарынын, башкалардын пикирлерине түкүрүп да койбойт. Түкүрсө – Трамп-тауэр бийиктигинен гана түкүрөт.

Которгон Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *