Ажатканага баргандан башкасын пиар кылган Аида Касымалиева

Шайлоонун жытын эртелеп сезген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жеңил пиарга алдырып, ойго-тоого чыкканынан бери жарнамалай баштады. Атургай атка да минип сүрөткө түшүп, өзүнчө кайф алганын көрүп атабыз. Буга чейин чет өлкөлөрдү кыдырып, саякатчы баканын образында мактанып келсе, эми жаратылыш койнуна сүңгүп атканы ачык далил. Түпкүлүгүндө өзүн эл менен көп жолугушкан депутат катары тааныткысы келет. Аныгында, мындай жасалма жүрүшкө коомчулук деле өз баасын берет го. Кечээ Касымалиева көп журналисттин бири катары жүргөндө Алмазбек Атамбаев жардам берип, КСДПнын тизмеси аркылуу депутат кылып койбоду беле? Андай жакшылыкка жамандык менен жооп берип, шефин сатып кеткени кайсы логикага сыят? Бүгүн Атамбаевдин башын аттап кетсе, эртең Сооронбай Жээнбековду да жамандап, андан ары секирип кетпейби? Бир саткан адам ойноок болуп, саясаттагы көнгөн адатын кайталай берерин турмуш көрсөтүп келатат эмеспи. Эми канчалык Касымалиева жасалмаланып, кийинки шайлоонун амалын миң көрсө да таасирдүү партиялар кошпой коюшу мүмкүн. «Чабал өрдөк мурда учат» дегендей, эртең канаттары талып калбаса болду, четке сүрүлүп…

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *