Туйгунаалы Абдраимов: “Эки жүздүүлүк, кошоматчылык – кыргыз саясатынын жүзү болуп калды”

БШКнын бир канча жолку төрагасы, депутат, министр, губернатор кызматтарын аркалаган, бош боло калганда бизнес кылып кетмей жайы бар Туйгунаалы байкемди маек берүүгө көндүрүп, болгондо да бүйүр кызыткан суроолорду ортого салып, кепти курчуган жеринен баштап турган кербезибиз.

– Айтсаңыз, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков менен жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери доссуздар да. Саясатта да дайыма үзөңгүлөш болуп келдиңиздер. Бир досуңуз бийликтен кетип, экинчиси президент болуп, акыры жолдору эки ача бөлүндү. Мунун себеби эмнеде? Чыр-чатактын алдын алса болот беле?

– Чындыгында эле биз 1995-жылы эл өкүлдөрү жыйына депутаттыкка шайланып келгенде дос болгонбуз. Мени өзүңөр билесиңер, Акаев менен да иштештим, Бакиев менен деле, Атамбаев менен дагы иштештим. Кайсы жетекчи болбосун жанында жүргөн адамдардын таасири болот экен…

– Мисалы?

– Бул жердей балээнин баарьш Фарид баштады да. 2017-жылы жайдын башында Фарид жолугушууну суранып калды. Экөөбүз сүйлөштүк. «КСДПнын курултайында Сооронбай Шариповичти президенттикке көрсөткөнү жатабыз, сиздин оюңуз кандай?» дегендей сөз болду. Ошондо мен: «Чындыгында азыр эң шансы жакшы, өтө турган талапкер Сооронбай Шарипович. Бирок, силер Кой-Ташта отуруп алып башкарууну ойлобогула, токтоткула» дедим. Себеби, ал идея Фаридден чыгып жүргөнүн билем да. «Бийлик бөлүнбөйт, бийлик үчүн бала атасын, ата баласын өлтүргөн» дедим. Шайлоо өткөн соң Фарид аппарат башчылыгына отуруп алды, мага жаккан эмес, экөөнүн ортосунда ыйкы-тыйкы ошондо башталды.

– Кайсы тараптан кемчиликтер көп кетти?

– Чындыгында, бул кырдаалды жаратууга, туңгуюкка алып келгенине эки досумдун тең күнөөсү бар. Экөөнү элдештирип, тил табыштыра албаган менде да айып бар экенин танбайм. Бир жагынан президентги деле түшүнсө болот да, аны коркутуп, «Акүйдү басып алам, элди чогултам» деп атса… Элдин баары Акүйгө келип, кан төгүлгөнчө унчукпай отурушу керекпи? Албетте, алдын алып, экс-президентти камады. Бирок, жанагы спецоперациясы аябай дайыны жок болуп калды. Күч органдары тарабынан сабатсыздык болду, көп адамдар жабыркап калышты. Жабыркагандар ооруканага барса камап башташты. Элди күч органдары «коркутуп башкарабыз» деп атышат. Элди коркута албайсың. Элге туура түшүндүрүп, болгонун болгондой айтып, калыстык менен башкарсак гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот.

– Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик коммиссия иштеди. Бирок, негизинен күч органдарынын жоопкерчилиги каралган жок. Кандай дейсиз, алар кылган иштери боюнча жоопко тартылбаса элдин нааразычылыгы, бугу кетпейт да?

– Жалаң эле күч органдарын күнөөлөй берген болбойт. Эки тараптан тең кетти. Бирок, негизи парламент дагы, президент дагы бара-бара күч органдарынын жоопкерчилигин карашы керек, «эмне себептен мындай болду?» деп…

– Кой-Таш окуясы боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. «Жазга чейин сотко өтөт» деген маалыматтар бар. Ушул нерсе дагы саясый кырдаалдын курчушуна себепкер болуп, элди нааразычылыкка түртпөйбү?

– Сөзсүз. Ал жерде жабыркап калгандардын арасында өтө нааразы адамдар көп. Жазында ал кандайдыр бир дестабилизацияга алып келиши мүмкүн. Бирок, биз жаштарга акыл-насаатыбызды айталы, дүйнөдө геосаясый абал кандай болуп жатканын баары түшүнүүсү керек. Бизде дагы Ливиядагыдай, Сириядагыдай чатак чыгып кетишине аракет кылган күчтөр бар. Ошон үчүн бийлик дагы, эл дагы сабырдуулук кылып, бул абалдан чыр-чатаксыз чыгуунун жолун издейли.

– «Азиз Батукаевди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып ийишкен» деген жарлык менен тергөө жүрүп, соттук процесс башталды. Оюңуз кандай?

– Менин оюмча, Батукаев боюнча эч кандай кылмыш иши болбошу керек эле. Бүт дүйнөдө: Россия болобу, АКШ болобу, атайын операциялар жасалат. Бул жасалып жүргөн нерсе. Аны дүңгүрөтүп, кайра өзүбүздүн артыбызды чукубашыбыз керек эле. Жабылуу аяк жабылуу боюнча кылса болмок. Бул күч органдарынын калпыс иши. Жок жерден эле бир балээ чыгарышты…

– Аналиктиктердин айтымында, саясый кырдаалдын курчушуна бейөкмөт уюмдардын, тышкы күчтөрдүн да салымы болууда…

– Бул туура анализ. Тышкы күчтөр бейөмөт уюмдарды, элдин арасындагы нааразычылыкты пайдаланып, жазында кандайдыр бир туруксуздукка алып келүүгө аракет кылганын баарыбыз көрүп жатабыз. Сирияда, Ливияда, Египетте да жай тургундар «калыстык болбой калды» деп жакшы ой-тилек менен чыгышкан. Аягы эмне болду? Бизде ушундай болсочу? Нааразычылык акциялары себепчи эле болуп калат. Андан кийин дайыныбызды таппай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, бизге стабилдүүлүк зарыл. Президентти шайладыкпы, ага иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. «Мобул жагы туура, бул жагы туура эмес болуп жатат» деп ачык айтып туралы. Мисалы, «өкмөттү кетир» деп талап коюп атышат. Ушундай ачык ишке үйрөнүшүбүз керек, бири-бирибизди угуп.

– Өкмөттүн ишмердигине кандай баа бересиз? Жумушсуздук күчөдү, инвестициялар келбей, экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөдү да, туурабы?

– Мен өзүм өкмөттүн курамында иштеп калбадымбы. Эми кеткенден кийин жамандаганым туура эмес болот. Өкмөт бир топ эле иштерге аракет кылды. Бирок, бүтүргөн иштерин ЖМКлар аркылуу элге жакшылап жеткире албай жатат. Чындыгында кардиналдуу модернизация жасалган жок. Саясый кырдаалга жараша алсак, негизи өкмөттүн кеткени туура болот го.

– Анда жазында өкмөт кетип калабы?

– Менин оюмча, ошого баратат окшойт. Бирок, калыстык үчүн айтыш керек, өкмөттө иштеш аябай кыйын. Парламент кыйкым издеп турат, министрлер кечке парламентте жүрүшөт, президенттин тегереги да кийлигишет. Анан элибиздин дагы колдоосу болгон жок. Мисалы, электрдин баасын көтөрүш керек, 70 тыйын кантип болсун? Минтип отурсак энергетикадан ажырайбыз… Жер салыгы канча жылдан бери көтөрүлгөн жок. Жер салыгы ошол чогулткан айылдын өзүндө калат да. Өзүнүн мектебине, жолуна жумшалат. Азыр жер салыгы эки таңгак чөптүн баасы. Аны көбөйтсө да эл каршы, электр тарифин көтөрөлү (!) десе да көпчүлүккө жакпайт. Минтип отурсак, «мүйүздү тилейбиз деп кулагыбыздан ажырайбыз». Ошону менен өкмөткө өтө эле кыйын болууда. Анүстүнө өкмөт өзүнө абдан көп ыйгарым укукгарды алып алган. Алардын көбүн жергиликтүү бийликтерге: губернаторлорго, акимдерге берип, өзүн жеңилдетиши керек болчу. Күнүмдүк майда-чүйдө жумуштардан бошошу шарт да. Ошондо барып өкмөттүн иши жылат.

– Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо болот эмеспи, бирок бийлик партиясы ачыктала элек. Эмнеге кечеңдөөдө?

– Менин оюмча, президент туура кылууда. Ал эл шайлаган президент катары киришпей жатат. «Эл кайсы партияны колдосо, ошол партия келип, аткаруу бийлигин алсын» деп атат. Бул абдан туура позиция.

– Парламенттик шайлоого барууга оюңуз барбы?

– Аны эми келечекте ойлонобуз.

– Азыркы иштеп аткан депутаттардын «уюгун» Атамбаев «чимкирик парламент» деп айтты эле. Элдин арасында да алардын рейтинги түшүп калган. Парламент депутаттарына кандай бааңыз бар?

– Парламенттин ичинде деңгээли жогору, басып өткөн өмүр жолу, кызматы көрүнүктүү депутаттар көп эле. Анын баарын эле жаманатты кылган болбойт. Бирок арасында… кандай айтсам, эки жүздүүлүк, кошоматчылык менен жашаган депутаттар пайда болду. Мисалы, кечээ эле Атамбаевди айга-күнгө теңешип, көзүнүн кареги менен айланган депутаттар бая күнү Кой-Таш комиссиясынын отчетун угулуп жатканда экс-президентти ит талагандай кылышты. Эки жүздүүлүк, кошоматчылык – кыргыз саясатынын жүзү болуп калды. «Жаштарга кандай үлгү көрсөтүп атабыз?» деген ой жок. Албетте, ошондой болуп атса жалпы эл көрүп, жалпы парламенттин кадыр-баркы кетет да. Негизинен парламеттин көп депуттары менен мамилем жакшы. Алардын арасынан айрыкча үч «жигитти» сыйлайм. (Күлүп.)

– Аттарын билсек болобу?

– Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова – ушул үч «жигитти» аябай сыйлайм.

– Кечээ Атамбаев бийликте турганда айланасындагы жагымпоз кошоматчылардын баары сатып кетишти. Аны эл көрүп турат. Эртең эле экинчи досуңуз – Жээнбеков да кызматтан кетет да. Ага да азыр Атамбаевдин кошоматчылары жабышып атышат, дагы жаңылары кошулду. Азыркы президент Атамбаевдин кейпин кийбеши үчүн ал эмне кылышы керек? Кандайдыр бир жаңы жолдорун сунуштай аласызбы?

– Акаев кеткенде жанында жүргөн эң жакын адамдары жамандап чыгышты. Бакиев кеткенде да анын көзүнүн кареги менен тең айлангандар биринчи талашты. Бакиевдин тегерегинде жүргөндөр кандайдыр бир жолдор менен кийин Алмазбек Шаршеновичтин жанына барып калышты. Азыр алардын кээ бирлери Сооронбай Шариповичтин тегерегинде жүрүшөт. Ушундай категориядагы адамдар бар экен да. Мен тамашалап коём, «булардын тилинде мөөрү бар окшойт» деп. Тилин таап эле жакындап алышат. А түз сүйлөп, ачык оюн айткан кишилер өзүнөн-өзү эле алыстап калат экен.

– Кичине артка чегинели… 2010-жылдан кийин сиз БШКга Атамбаевдин колдоосу менен барган жоксуз да?

– 2011-жылы БШКга «Ар-намыс» партиясынын сунушу боюнча келдим. Жаш депутаттар колдоп, БШКга төрага болуп шайландым. Шайлоо системасына абдан жакшы модель киргиздик. Ар бир киши келгенин монитордон көрсөтүп, шайлоо бүтөр замат жыйынтыгын БШКнын серверинен жана интернеттен көрсөтүп, бул модель менен биз бүт дүйнөгө таанылдык. Айрыкча участкалык комиссиялардын мүчөлөрү ыраазы болду. Башта бийлик «жаса» деп кыйнап, эл «жасадың» деп нааразы болуп, участкалык комиссиялардын мүчөлөрүнө көп сөз тийчү. Көрдүңөр, шайлоо калыс өттү. Бирок, 2016-жылы БШКнын курамы куралып жатканда КСДПнын депутаттары кол чогултуп мени көрсөтсө, Атамбаев токтотту. Башка партиялар да сүрөгөнү жатышса, «колдосоңор көрсөтөм» деп каршы туруп алды. Анан мен «кызмат эле керек болсо, алгыла» деп басып кеттим. Бирок, «кызматтан кетирип койду» деп эле доско душман болгон туура эмес. Кызмат келет, кетет, бирок, достук мамиле калышы керек. Андан кийин экөөбүз үч жыл бою, ал президенттиктен кеткенден кийин да мамиле кылган жокпуз. Экөөбүз бир жолу аштан жолуктук, колунан орден алдым, бирок, беш мүнөт да сүйлөшкөн жокпуз. Бош жүрсөм да суранып барбадым. Былтыр жылдын башында Дубайга учуп баратканда кокусунан жолугуп калып, ошондо Алмаз экөөбүз дос катары жакшы сүйлөштүк.

– Бул учурда эки достун мамилеси бузулуп калган маал эмес беле?..

– Ооба. Атамбаев «Сооронбай экөөбүз тил табышсак болот эле, азыр мен элди көтөрсөм президент кетет. Мен кайра кызматка барбайм, бирок, үчүнчү күчтөр бийликке келет, алардын келишине абдан ыңгайлуу шарттар түзүлөт» деди. Мен келгенде экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү президентке айтсам, «ойлоноюн» деди. Бирок, ошол боюнча бул туурасында сөз болгон жок… Кийин чатак күчөп, Алмаз Шаршенович камалды. Негизи ден соолугу начар, анан калса экс-президент да. «Султан сөөгүн кордобойт» дейт, үй камагына чыгарып койсо болмок…

Мен дагы бир жолу кайталыгым келет, эң негизгиси, баардыгыбыз элдин, мамлекеттин келечегин ойлогонубуз маанилүү эмеспи. Кемчиликтерди ачык айтып, аз-аздан болсо дагы алдыга жылуубуз кажет.

– Былтыр сиз экинчи досуңуздун тушунда да кызматтан кеттиңиз. «Журналист кызга тескери сөз айтып койду» деген жөн эле себеп болуп калды окшойт… Анын аргында биз билбеген башка сырлар катылып жаткан жокпу?

– Сөзсүз да! Менин ачык айтканым көп кишиге жакпайт. Мен ал кызга жаман деле айткан эмесмин, «өңүң жакпай калды» деп койдум… Ал жөн гана шылтоо болду. Өңү жакпаса «жакпай калды» дейм да. Анын эмнеси бар экен? Ошол Ороктогу окуяда, анын алдында төрт-беш терезе сыныптыр, милиция отуз баланы камап салыптыр. «Улут аралык жаңжал чыгып кетпесе экен» деп аябай ачуум келип турган болчу. Абал тигиндей болуп атса, ал кыз улам кычаштык кылып суроо берет. Анан… «Өңүң жакпай калды» деп басып кеттим. Ушуну аргумент кылышты. Негизги кеткен себебим, ошол учурдагы «Азаттыкка» берген интервьюм болду окшойт. Көп нерсени ачык айтпадымбы. Жакпай калдым. Башынан эле бетке сүйлөйм, ачык айта берем – бул менин турмуштук позициям.

Саясат келет, кетет, бирок, адам баласы «кызматтан кетип калдым» деп эле адамгерчилик мамиледен, досчулуктан кетпеши керек. «Бетеге кетет – бел калат, бектер кетет – эл калат» дейт эмеспи. Мамлекетти сактайлы…

Маектешкен: Арсланбек Сартбаев

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *