Туйгунаалы “тукурук”…

БШКнын төрагалыгынан кеткенден бери ишсиз калган Туйгунаалы Абдраимов коомчулукту эриктирбей, өзүнүн кызыктуу маектери менен учурдун эң эле окумдуу респонденти болуп отурат. Андан дагы ал маектеринде түз эле президент менен анын кеңешчиси Икрам Илмияновду негизги каарман кылып, убагында экөөнө тең кызмат кылганын, Илмияновду өзү жардамчы-шоопур кылып жүрүп кийин Алмазбек Атамбаевге “өткөрүп бергенин” айтып, каймана мааниде “мени ушинтип эле ишсиз таштап коесуңарбы” таризинде бир нерсени үмүт кылып жатканы ачык байкалууда.

Ооба, ал БШКдан кетип жаткан маалда саясий айдыңда “Абдраимов Саламаттыкты сактоо министри болот экен”, “ал Европага элчи болуп кетет экен” деген кептер тарап басылган эле. Көрсө ошол каңшаарларды деле акырын өзү жылжытып, алда кандай болот деп Ак үйдү акыйып күткөн окшобойбу…

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *