Түлеевдин кызы салыктан качып…

Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева көптөн бери өзү жетектеген курулуш компаниясынын мамлекетке төкчү салыгын төлөбөй келген. Бул тууралуу салык кызматы билдирүү таратты. Ага ишенсек, ушул тапта экс-мэрдин кызы жалпысынан 1,9 млн. сом салыкты төлөбөй жаткан экен. Бул албетте, таң каларлык көрүнүш. Себеби буларда каражат жок дейли десек, шаардын борборунда “Чынар” аттуу гипер маркеттин курулушу болуп көрбөгөндөй тездик менен жүрүп, жыл аягына чейин ишке кирээри жарнамаланууда. Демек, курулуш курууга акча бар, бирок салык төккөнгө каражат табылбайт деп түшүнөбүзбү?

Булак: Фабула 

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Негизи Назгулдүн салык төлөбөй жүргөнүнө таң калбай, ушул күнгө чейин төлөнбөй келген салыкты эмне үчүн төлөтүп алууга салык кызматы аракет кылган жок деп таң калсаңыз жарашмак.Өзүңүз өмүрү салык төлөп көрбөсөңүз керек. Болбосо салыкчылар бакандай болгон курулуш компанисы эле эмес, эптеп жанын багып жаткан кичине “комок”тогулардын жанын сууруп алышат. Менин оюмча бул жөн эле анын атасына болгон өч алуу.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *