Түндүк Корея ракеталык полигонун калыбына келтирүүдө

Түндүк Корея жарым-жартылай бузулган Сохэ ракеталык полигонундагы объектилерди кайрадан калыбына келтире баштады. Бул тууралуу спутниктен алынган маалыматтарды анализдеп чыккан америкалык талдоочулар Жозеф Бермудес менен Виктор Ча билдирди.

Алардын айтымында, полигондогу ракета кыймылдаткычтарын сыноодон өткөрүүгө жана ракета алып жүрүүчүлөрдү чогултууга арналган курулма бир нече күндүн ичинде эле кайрадан калыбына келтирилген.

Түндүк Корея бийлиги аталган полигондогу объектилердиТрамп менен Кимдин былтыр июнда Сингапурда өткөн жолугушуусунан кийин буза баштаган. Бир нече айдан кийин Пхеньян Сохэ полигонун толук жабууга даяр экенин билдирген. Эми анын калыбына келтирилип жатышы Түндүк Кореянын ракеталык сыноолорду өткөрүүгө киргизилген мораторийден баш тартуу ниетин билдириши мүмкүн. Өлкө 2017-жылдын ноябрынан бери ракеталык жана өзөктүк сыноолорду өткөрө элек.

5-мартта АКШ президенти Дональд Трамптын коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Жон Болтон эгер Түндүк Корея өзөктүк программасынан баш тартпаса, анда Вашингтон Пхеньянга каршы санкциялык режимди күчөтүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *