Туңгуюктан өлкөнү ким чыгарат?

2010-жылдан кийин кыргызстан башка жолду-парламенттик башкарууну тандайт деген ураан менен улуп-чолуп кетип баратабыз. Авторитардык башкаруунун азабына белчебизден малынып, башыбыздан “диктатор” падышалар далай ирет төө матек алганын унута элекпиз. Ошентип эле өлкөнү башкара беребиз, кыйын чыкмалардын желин бир паста пыш эттирип салабыз, бийлик колдо турганда эч ким кыңк этпейт деген ажолор өз “үйүрү” менен күм-жам болду. Бирок, акыркы мезгилде негедир ошолордун баш көтөрүп жатканы, алардын астында бөйпөңдөп жүргөндөр тилин бултактатып турганы кооптондурган жокпу деген собол ташталганы жөн жерден эмес. Анткени демократиянын терисине жамынып алгандар тымызын өз көмүскө иштерин чубай баштаганы акыл-эси бар адамды чыйрыктырганы деле жашыруун эмес. Мындайга азыркы түзүлгөн кырдаал чыйыр салып берип жаткан жокпу?

Учурда башкы маселе катары-Атамбаевдин шайын оодарып, партиясынын тымтыракайын чыгаруу болуп турганы да элди кыйсыпырга түшүрдү. КСДП нын урматы менен оокатын башкалардан тыңыраак кылып жүргөндөрдүн жоон тобу мурдагы лидеринен жүзүн буруп кеткени, ал тургай көзкөрүнөө бет тырмачылык кылып элдин башын айланткандары жакшы жышаан эмес. Ошончолук эле бийликке келгиси келсе жаңы олуттуу, орундуу партия түзүп парламенттик шайлоодо жарышка түшсүн. Эгер элдин көңүлүнө толуп-ташып кетсе ак үйдөн ордун табат, ашка жүк, башка жүктөрдүн бириндей саналса борттон алыс ыргып кетет. Бир пайыз добуш алалбаган партиялар кыжып кетти го. Ансыз деле алгачкы “карлыгачтар” учуп чыгып, биз шайлоого баратабыз дегендей түрүн көрсөтпөдү беле? Жакын арада башкалары да “төбөсүн” көрсөтүүгө аракетин жасаары талашсыз.

Дегинкисин алганда бүгүнкү күндө эл үчүн түзүлгөн, чындап күйгөн партиялар жокко эсе. Баарынын эле башындагы лидерлер күмөндүү окуяларга тумшугу менен кирип кеткен. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыр каерде “жарпын” жазып отурат? Анын ордуна убактылуу келген Алмамбет Шыкмаматовду энеси кайра төрөсө деле дурус лидер болуп жаралбайт. Себеби, анын чамасы чакталуу. Күн кайсы жерден чыкса ошол тарапка ооп кетет. Мындай “эрдигин” былтыр шайлоо учурунда көргөнбүз да кайсы Өмүрбекти ээрчигенин. Баса, “Республиканын” башчысы катары таанылып, өзүнүн “империясын” түзүп, мамлекетти башкарам деп оолуккан Өмүрбек Бабановдун азыркы абалын эмнеге салыштырса болот? Качкынгабы, же саясаттын курмандыгынабы? Бул “терминди” ар ким өз алдынча иликтөөгө акысы бар. Анткени менен акыркы күндөрдөгү желаргынын салкын жели дене чыйрыктырып турганы калетсиз. Бабанов келет, келбейт деген маселе асманда илинген бойдон турат. Бирок, “кунуна” канча каражат ыргытам десе деле өлкөнүн биринчи адамы ынанбай коюшу ыктымал. Анткени оозунан чыккан кепке жооп бере албай тескери учкан жагалмайга тор жайбай, кол сунса балээни башына үйүп алары турган иш. Жай алып алган соң илгерки көздөгөн “жайытына” көз артканын кайра улантса кыйла түйшүк артылат. Жарым миллион эле киши эмес он миң шерлер жаалданып чыкса таз кейпибизге келерибиз аштан бышык эмеспи.

Акыркы убакта негедир “Бир Болдун” лидерине да капталдата ургулагандар эмнеден улам пайда болуп жатат? Кызык бекен? Анда бираз кепке конок берели. Партиянын тизмесине көз төшөсөк көбү баягыл эле “Ак жолдун” “көзөлдөрүнө” барып такалат экен. Ошол эле Улукбек Ормоновдун жанына эми Эрмамат Тагаев келип кошулду. Көрсө кадимки Айтибайдын бир тууганы болот тура. Ал эми Айтибай болсо кезинде “чөнтөк спикер” болуп Бакийиптин жака-белинде жүрбөдү беле? Кадрдык саясатында да Алтыкебиз аксап жатканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Албетте, кыйладан бери ак үйдүн ичинен кымыңдап ырдап ойт берген лидердин анчалык чыкыйга бара мык каккан таасын иштерин көргөн жокпуз. Ошентсе да өзүнө жууркандын жылуу жагын тартып алууну куп үйрөндү десек калпы чыкпастыр?

Эмнеси болсо да өлкөнү туңгуюктан чыгарат деген ишенимдеги парламенттен эч кандай жарык чачырабай турганы өкүнүчтүү. Пайда болгон “серый кардиналдардын” кантип тилин тапсам болот деген санаа менен жашоосун натыйжасыз өткөрүп жаткан эл өкүлдөрүнөн кайсыл идея чыксын? Эптеп күн көргөнгө көндүм болгондордон кутулууга дагы эки жылга чукул убакыт бар. Шар эттире толкунду жарып чыкчу азаматты ушул кезде-көздөн чаар чымын учуп турганда таппай жатканыбыздын өзү абдан кейиштүү. Бир жылды жапшыра тээп, турнабайды ааламга салган бийлик башчылары негедир элдин жарпын жазган маселелерди баамдоого алалбай турганына не дейбиз? Болгону үмүт отун өчүрбөй, жакшылыктан күдөр үзбөй турууга белсенели. Биз ошентип жашап калганыбызды танбай деле койсок болот. Башкысы-кыргыз элинин сабыры бекем болсун, кыштын суугуна калбайлы, туруктуу жашообузду Теңир өзүбүзгө кут кылсын.

Жора Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *