Түнкү клубда ок чыгарган милиция кызматкерлери шарттуу түрдө эркинен ажыратылды

Бишкектин түнкү клубдарынын биринде ок чыгарган ШИИБнин кызматкерлери шартуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май районунун прокурорунун улук жардамчысы Мирлан Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук соту шектүүлөрдү КРнын кылмыш жаза кодексинин “башаламандык” беренеси боюнча гана соттогон, ал эми “уурдоо” жана “кызмат абалын каянаттык менен колдонуу” беренелери боюнча алар акталган.

Тергөө шектүүлөр клубдун кызматкеринин акчасы бар капчыгын уурдашканын далилдеген. Бул тууралуу видео иштин материалдарында бар. Табелдик куралдардан абага атып, алар кызмат орду менен аша чабышкан. Бирок бул жагдайларды сот көңүлгө алган эмес. Прокуратура бул чечим менен макул эмес, жана аталган чечимди жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылат.

2017-жылдын октябрында Бишкектин ШИИБнын кызматкерлери Бишкектин “Ретро-Метро” түнкү клубунда куралдан ок чыгарышкан. Укук коргоочулар клуб жабык болгонуна нааразы болуп, анын ачылышын талап кылып ызы-чуу чыгарышкан. Окуядан кийин алар кызматтарынан алынган.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *