Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Нурлан Касымовго кызматтан кетүү сунушталды

Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Нурлан Касымовго кызматтан кетүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, шаар мэри Азиз Суракматов салттуу жыйында сөз сүйлөп, шаар кызматтарынын санариптештирилишине нааразычылыгын билдирди.

“А.Суракматов шаардык кызматтардын санариптештирүү иштеринин жүрүшүнө нааразы. Мэр белгилегендей, шаардыктар үчүн шаардык кызматтар менен иштешүү дагы деле кыйын, бирдиктүү санарип продукт жок, ал эми муниципалдык кызматтар шаардыктар үчүн чыныгы «кыйноолорго» айланды. Муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Нурлан Касымовду кызматтан кетирүүнү суранды” – деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *