Турдакун Усубалиевди төпөштөгөн Ыдырыс

Турдакун Усубалиев Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп 25 жыл иштеди. Жалпак тил менен айтканда кыргыз элине 25 жыл «падыша» болду. Бул жылдар аралыгында (ага чейин деле) Т.Усубалиевдин кандай иштеп, кандай жашагандыгы жөнүндө көп айтылып, көп жазылды. Бирок, эл арасында айтылып жүргөн аңыз кептер, жеке турмушундагы кызыктуу окуялары жөнүндө эл көп деле биле беришбесе керек. Т.Усубалиевдин жакын адамдарынан уккан, жеке өзүм көрүп-билген турмуштук окуялары тууралуу кеп кылсам дедим.

Т.Усубалиевдин энеси 1971-72-жылдары каза болсо керек эле… Энени койгон күнү эл көп болду дейт. Сөөктү коюда уюштуруу иштеринин башында ошол кездеги Кочкор райкомунун биринчи катчысы Кадыракун Базарбаев болгон экен. Үй-үйлөргө билгизбей семиз бээлерди сойдуруп салып, башкармалар самоор “кайнатып” калышты дейт. Сөөктү алып чыкканда Турдакун Усубалиевич табыттын бир жагында өзү болуп, үйдөн мүрзөгө чейин көтөрүп жөө барыптыр. Сөөктү жашыргандан кийин үйгө элдер менен кошо өкүрүп келип, куран окулуп, бата кылынгандан кийин Т.Усубалиев тамакка күтпөстөн кетип калды дейт. Көп жылдардан кийин К.Базарбаев менен чогуу иштеп калып, сурадым:

-Кадыракун байке, илгери Усубалиевдин энеси өлгөндө башкармаларыңыз самоор “кайнатып”, “похоронду” сиз башкарыптырсыз го?

-Антпегенде айла канча, чын болчу…

Тээ, 1970-жылдардын башында окууну бүтүп келип өзүбүздүн совхоздо ветврач болуп иштеп жүрөм. Жайкысын Сырт өрөөнүндө Кара-Сазо деген жайлоодо биздин совхоздун малчылары менен катар Кочкор районунун малы да биздин чабандар менен катарлаш отурушат. Ошондо топоз бакчу беле… же, балдары малчы болгону үчүн, аларга баш-көз болуп, жардамдашып жүргөн Ыдырыс деген аксакал киши бар болчу. Бир жолу менчик койлорун мен күпкөлөп бергем. Ушул Ыдырыс аксакал Усубалиевди кичине кезинде уруп коюптур деп айтып калышты. Сураштырсам ал окуя мындай болгон экен. Ал кезде Ыдырыстын жаш, жигит курагы Усубалиевдин 3-4 жашар бала кези экен. Жаш жигиттер экиге бөлүнүшүп, ортого байге коюп ордо атышат. Оюн кызып, бир жак тарап утуп, бир жагы утулуп дегендей… жандырмак атышмакка чүкөлөрдү ордого тизе башташат. Санай келишсе бир топ чүкө жетпей калат. Ары издеп, бери издеп табышпайт. Чүкөлөр кайда кетти, оюнду карап бир кичинекей кара бала турган дейт.

-Ушул баланын чөнтөгүн карагылачы? – дейт ордочулардын бирөөсү. Ыдырыс аксакал баланын чөнтөгүн караса эле, чүкөлөр ошондон чыгат. Анан Ыдырыс баланы “какыс-кукус” кылып уруп коёт. Бала ыйлап калат. Ошол бала кичинекей Турдакун экен.

Т.Усубалиев партиянын Борбордук Комитетинде биринчи катчы болуп иштеп турганында бир күнү жайында айылдагы атасынын үйүнө келет. Кой, балага учурашып келели деп Ыдырыс баштаган бир топ аксакалдар Усубалынын үйүнө келишет. Келишсе Т.Усубалиев эчак туруп, тышта майкечен болуп кол жуугучта (умывалникте) жуунуп жаткан болот. Учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин аксакалдар үйгө киришет. Үйгө киришип чай ичип жаткан маалда Т.Усубалиев:

-Ээ, Ыдырыс ава, баягы жылы ордонун чүкөлөрүн эмне аласың – деп, мени уруп койгонуңуз эсиңиздеби?

-Эсимде эмей, эсимде. Сенин минтип чоң болуп кетериңди билбей эле уруп койбодумбу…дегенде ал жерде отургандардын баардыгы каткырып күлүшөт.

Бир жолу жайында Т.Усубалиев Жети-Өгүз районуна келди. Мен анда райондун бир чарбасында башкы ветврач болуп иштечүмүн. Райондогу бардык эмгектин алдыңкыларын, адистерин, жетекчилерин чакырып райкомдун жыйындар залында  жыйналыш өтүп жатат. Жети-Өгүз райкомунун биринчи катчысы Б.Кулов доклад жасады. Андан кийин жарыш сөзгө жазылышып, кезек менен чыгып сүйлөп жатышат.

Жарыш сөздүн кезеги Шевченко атындагы колхоздун сугатчысы бир орус кишиге келип трибунага чыкты. Жарыш сөздүн текстин парторг жазып берген окшойт, адегенде жакшы эле шар окуп жаткан. Жазып берген барактын орто жерине келгенде окуй албай такалып турду да: “Чёрт его знает” – дегенде залда отургандар “дуу” күлүп жиберишип, тиги “ора-тордун” сөзү залда угулбай калды. Төрдө отурган Т.Усубалиев күлкүчү киши окшойт, кайран киши ичинен “бүлкүлдөп” көпкө күлдү. Күлүп жатып көзүнөн жаш да чыгып кетсе керек, анысын залда отурган биз кайдан көрмөк элек.

Дагы бир жолу КТРКда саясий серепчи болуп иштеген Турсун Байботоев деген жакшы жолдоштордон болуп жүргөн жигит бар. Анын кызматтык унаасы менен бир жакка барып келбейлиби деп сурандым.

-Бүгүн саат 10-00дө Эл чарба жетишкендиги көргөзмөсүнө (ВДНХ) Т.Усубалиев келет. Эл керектөөчү товарлар боюнча телеге тартабыз. Ошондон кийин сенин жумушуңду бүткөрөлү. Сен да ошол жерге келип кал.

-Жарайт, сүйлөштүк, – деп кол алыштык. Мен сүйлөшкөн боюнча ал жерге кичине эрте бардым. Элдер Усубалиевди күтүп жатышкан экен. Мен да алардын катарына туруп калдым. Айткан убакта Т.Усубалиев машинадан түшүп келип баарыбыз менен кол алышып учурашты. Мен ал киши менен бетме-бет биринчи жолу көрүшүм.

Көп жылдардан кийин Чынгыз Айтматов каза болгондо коштошууга барып, экинчи жолу ошол жерден көрдүм. Маркум менен коштошуу Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында болду. Жайдын күнү. Күн ысык. Эл көп. Элдердин көптүгүнөн улам, тепсендиге кала сактап, сүрүлүп отуруп араң филармониянын ичине кирсем, КР Эл артисти Эгемберди Бекболиев колума бир повязканы бере салып бир деме дегендей болду. Мен жакшы түшүнбөй калып КР акыйкатчысы Турсунбек Акунга кокустан ошол жерден жолугуп:

-Туке, мына бул повязканы эми эмне кылам?

-Байке, муну оң карууңузга байлап алып, Чынгыз Айтматовдун табытынын жанына барып “Ардак караулга” турасыз, – деп ээрчитип барып, караулга турчулар кезек күтүп жаткан жерге алып барды. Аларга жетпей креслодо Т.Усубалиев, К.Кондучалова, К.Акназаров, ж.б. аттуу-баштуу аксакалдар отурушуптур. Алар менен кол берип учураштым. “Карылык өз энчисин алат”, -деп “окемдер” айткандай Т.Усубалиевдин эти качып кичирейип, арыктап, баягысындай толмочунан келип балкайган киши жок, кичинекей эле “бала” болуп калыптыр. Студент кезде айыл чарба институтунун проректорунун баласы Болот Мусабеков менен тээ, абитруент кезден таанышып, жакшы жолдоштордон болуп жүрдүм. Усубалиевдин бир тууган жээни Асан Осмоналиев Болоттун атасынын кызматтык “москвичин” айдайт. Өзү “зоофакта” сырттан окуйт. Жумуштан кийин “москвичти” Болот экөөбүз Асанга айдатабыз. Бир күнү Асан менен Болотту Усубалиевдин баласы көчөдөн жолуктуруп, “мен үйлөндүм” деп үйүнө экөөнү ээрчитип барып экөөнү аябай сыйлаптыр. Үчөөбүз дайыма эле чогуу жүрчү элек, ошол күнү кандайча жок болуп калганымды билбейм, болбосо ошондо Усубалиевдин “эшик-төрүн” көрүп чыкмак экемин. Кыргыз ССРнин Совет Министринин төрагасы Султан Ибраимовдун 1980-жылы 4-декабрда киши колдуу болуп каза болушу күн чайыттай тийип турганда түшкөн чагылгандай болуп Совет элин бир “солк” эттирди. Аны Эмдигиче Усубалиевден көрүп жүргөндөр бар. Союз урап, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары баарыбыз эле эмне кыларыбызды билбей “дапдаарып” калбадыкпы…Мен ошол жылдары өзүмдүн менчик унаам менен киши ташып (таксовать этип) иштеп жүрөм. Бир күнү мага бир орус киши түштү. Сүйлөшө келсек Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде бөлүм башчы болуп иштептир. Күч органдарын тейлөчүмүн дейт. Сөздөн сөз чыгып отуруп, сөз Султан Ибраимовдун өлүмү тууралуу да болду. С.Ибраимов жөнүндөгү “суук” кабар маалым болору менен Советтер Союзунун күч органдары кылмыштын бетин ачуу үчүн күндүр-түндүр дебей бүт иштешти. Бул ишке генералдан эле жүздөн ашык киши тартылып, башында ошол кездеги СССРдин КГБнын төрагасы Ю.В.Андропов турду. Мен Андропов менен ар бир эки саатта телефон менен түз байланышта болуп, сүйлөшүп турдум. Канчалык аракет кылганыбыз менен эч жыйынтык чыкпай, март-апрелге чейин кылмыштын шеги билинбей “жымжырттык” өкүм сүрдү. Анан Султанды аткан жигиттин атасын кылмышка шектүү деп Москвага алынып келинип “Бутыркага” камайт. Ал апийим ичип көнгөн “наркоман” неме экен, “ломка” башталып “өлүп” бара жатканда: «Мен баарын айтып берем. Мага бир аз апийим таап келип бергиле! Талабын аткаргандан кийин:

-Менин уулум ушинтип бир “чиновникти” атып салдым. Мен аткан “Барс” деген мергенчилердин сайлуу мылтыгы октору менен Чолпон-Атанын жанындагы лотковый арыктын астында чүпүрөккө оролуп катылуу турат, – деп айткан.

Ал кишинин айтканы боюнча барышып мылтыкты таап алышат. Мылтыктагы калган колдун тагы менен, кылмышкердин терезеден секирип түшкөндөгү калган тактары менен дал келет.

-По делу в убийтве Султана Ибраимова, напрасно обвиняют Усубалиева. Тут Турдакун ни причем – деген эле.

Т.Усубалиевди 1986-жылдын 2-ноябрында Москвадан КПСС пленум мүчөсү Разумовский катышкан пленумда иштен алынгандыгы тууралуу кабарды машинеде баратып радиодон угуп жаман нааразы болдум. Негизги күнөөсү эле борбор каалабызды мрамор ташка айлантып, өкмөт үйүн (Ак үйдү) салганы болду. Андан көп өтпөй Фрунзе шаарынын Биринчи Май райкомунун биринчи катчысы Жаңыл Түмөнбаева бюродо Т.Усубалиевди КПССтин катарынан чыгарды. Бул илгери биз жакта участковый милиса болуп иштеген Турду деген жигит өзүнүн атасын айдап келип түрмөгө камагандай эле кеп болду.

Кеңеш Бакир уулу, Тоң району, Шор-Булак яйылы.

Булак: “Кабар Инфо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *