Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды

Бүгүн, 6-ноябрь мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Көзү тирұұ болгондо 100 жашка чыкмак экен. Маркумдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу иш-чаралар учурда Кыргызстанда болууда. Ушул тапта Т.Усубалиев тууралуу Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда иш-чара өтүүдө.

Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров социалдык тармак аркылуу бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Эске сала кетсек, 2-ноябрда, Чолпон-Ата шаарында  “Рух Ордо” комплексине Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата эстелиги тургузулган. Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында айкели ачылса, Бишкектеги улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулган. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкекке берүүнү сунуштаган. Кечээ Бишкекте митинг-реквием болуп өттү. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков кечээ небереси Эрмек Усубалиевди кабыл алган.

25 жыл Кыргызстанды башкарган Туурдакун Усубалиев 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында каза болгон. Ал 1919-жылдын 6-ноябрында Нарын облусундагы Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган, «Ак шумкар», «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендердин ээси.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *