Турдуназир Бекбоев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

4 comments

  • Дыйканбек says:

    Турдуназир мырза иштей турган адам. Ал айыл чарба министри болуп туруп, башкаларга кандай иштеш керек экенин көргөзө алды. Эми ким билет өз позициясы жок, солкулдаган Сооронбай акени сооруга чаап иштегидей кылар бекен? ай ким билет Бекбоевдин мүнөзү катуу, анан да принципиалдуудай көрүндү эле, Жээнбеков муну кандайдыр бир саясий оюн үчүн уюштуруп, кылдан кыйкым таппаса эле болгону… Анткени өкмөттүн жаңы курамында Турдуназир байкенин жоктугун байкаган Эл, айрыкча дыйкандар возникайтетип башташкан да

  • менин оюм says:

    Турдуназир мырзанын орду кеңешчилик эмес, премьер-министрдин орду болучу. Мейли эми ансыз дагы өз алдынча иш кыла албаган Сооронбайга мыкты кеңештерин берип турар. Бирок, мунусу “жоону чапса ким чапты, аты калды Манаска” болуп эле калат го.

  • Улан says:

    Профессионалдар жолдо калбайт. Оз ишин мыкты билген эмгекчил адам экендигин Айыл-чарба жана мелиорация министри болуп турган кезде корсото алды. Болбосо Онугуунун кишисин окмотко жолотушпайт болчу да.

  • Сартбай says:

    кантсе дагы Сокем өнүгүүчүлөргө жагынайын деген экен. кайран киши билет да бул партиянын ити чөп жей баштаганын. келечекте Бакыт Төрөбаев президент болуп кала турган болсо, деген хитрый саясатын жүргүзүп жаткан хитрый саясаты да…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *