Тургуналы Арипов, тарых илиминин кандидаты: “Кыргыз элинин «түндүк-түштүккө» бөлүнүүсү түркөйлүк жана мамлекеттин бүтүндүгүнө, келечегине коркунучтуу”

Кыргыз элинин түндүктүк жана түштүктүк болуп бөлүнүүсү жөнүндө илимий көз караш

Кыргызстанда «Түштүктүк» жана «Түндүктүк» болуп бөлүнүүнү жоюууну ар кандай денгелде көтөрүп, мына жада калса партиялар бирккенде да “түндүк-түштүк бирикти” деп, басым жасалууда. Көчөлөргө “Урууңду ойлобо Улутуңду ойло” деп, жазып илип койгондон башка конкреттүү жоюучу, ынандыруучу бириктирүүчү иш-чаралар болгон жок. Кыргыз эли эмне үчүн бөлүнөт же негизги бөлүнүүсүнүн себеби эмне? Кыргыз эли биринчиден географиялык жактан, экинчиден, түштүктүк диалектикасында сүйлөшкөндөрү үчүн «сарт» жана түндүктүк диалектикасында сүйлөшкөндөрү үчүн «аркалык» атыгып бөлүнүшөт.Түштүктүк-түндүктүк бирин экинчиси тилинин айрымачылыгынан эле ажыратышат. Андан сырткары каада-салттарынын да айрымачылыгы бар. Бул проблеманы өкмөттүн буйругу менен, партиялардын жетекчилеринин биригүүсү менен жоюу мүмкүн эмес. “Биригели, биригели” дей берсек эле, эл биригип калбайт. Ар бир уруунун денгелинде конкреттүү жоюу багытында иш-чаралар жүргүзүлүш керек. Чындыгында элдин мындай бөлүнүүсү түркөйлүк. Кеңеш өкмөтү учурунда тегибизди, тарыхыбызды жоготкондон улам пайда болгон көрүнүш. Мисалы түштүк диалектикасында сүйлөп, сарт атыгышкан айталык сарбагыш, багыш, мундуз, саруу, жедигер, саяк, адигине, кушчу, басыз ж.б.у.с. урууларынын насилдери эч качан башка улутту кабыл албайт. Ал эми түндүк диалектикасында накта айталык кыргызча сүйлөгөн уйгур же дунган элдеринин өкүлдөрү эч качан «кыргызмын» деп айтышпайт. Бир тилде сүйлөгөн бир нече этностор бар, бирок, тил аларды бир этнос кыла албайт. Мисалы Россияда 197 улут жашайт, баары орус тилинде сүйлөшөт. Анын баарын орус тили орус кыла алган жок. Же болбосо мисалы француздар төрт тилде сүйлөгөн бир этнос. Алардын төрт тилде сүйлөгөндөрү бир этнос болуусуна тосколдук болбойт. Англияга эчен жыл колония болуп, англис тилинде сүйлөгөн мамлекеттер англичан болуп калышкан жок. Тилдеги айрымачылык бир тектүү улутту бөлө албайт. Теги башка улуттарды бир тилде сүйлөгөндүгү бир улут кыла албайт. Мына ушул багытта, Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясы тарабынан илимий экспедицияга чыгып, илимий изилдөө жүргүзүлүп, илимий-популярдуу тарыхый басылмалардын негизинде 2012-жылы 12-майда Майлуу Суу шаарында «Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан улуу инсандардын көз карандысыздык үчүн күрөшү», ошондой эле 2013-жылы 18-майда Ноокен районунун Шаркыратма айылында «Кыргыз эли орто кылымдарда» аттуу кыргыздын бир уруусу боюнча изилдөө, ар кайсы өлкөдө жашаган бир уруунун насилдерин тааныштыруу багытында илимий-практикалык жыйындар өткөрүлдү. Жедигер уруусунун насилдери Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан, түндүк Кыргызстандан келип катышышты. Көңүл бурчу нерсе, бул тарыхый жолугушууда жедигерлердин өзбекче, казакча, кытайлык кыргыздарча, түштүк кыргыздарынын жана түндүк кыргыздарынын диалектикасында сүйлөгөндөрү, жедигердин урпактарынын бир атанын балдарындай боордошуп кетүүсүнө тосколдук боло алган жок. Тарыхынын калыптануусу теги аркылуу жедигер элинин биригиши, Кыргызстандагы жедигер элинин ортосундагы «сарт» түштүктүк жана «аркалык» түндүктүк болуп бөлүнүүсүн толук жокко чыгарды. Демек тилдеги айрымачылык үчүн бир улутту экиге бөлүү бул түркөйлүк. Ошондуктан Кыргыздын кырк уруусунун тарыхынын калыптануусун колдоого алып, теги аркылуу кыргыздын оң, солун, ичкилигин бириктирүү менен алардын урпактарынын жана эли алдында жоопкерчилигин өстүрүү, чыныгы атуулдарды тарбиялайт. Кыргызстанда эле эмес Россия, Орто Азия жана Кытайдагы кыргыз түрктөрдү бириктирет. Бул өткөрүлгөн илимий-практикалык жыйындарга; адигине, багыш, монгуш, азык, черик, бугу, солто, сарбагыш, моголдор, саяк, карачоро, саруу, мундуз, кушчу, кылыч тамга, чоң багыш, карабагыш, кытай, жетиген, басыз, нойгут, кыпчак, жоокесек, тейит, найман, дөөлөс, кыдыршаа, мангыт кыргыздын жыйырма сегиз уруусунун өкүлдөрү катышып, күбө болушту. Кыргызстандын жыйырмадан ашуун тарыхчы окумуштуулары чакырылып, өз докладдарын жасашты. Чындыгында эле кыргыз элинин «түндүктүк» «түштүктүккө» бөлүнүүсү жасалма жана мамлекеттин бүтүндүгүнө, келечегине коркунучтуу. Анткени “бөлүп-жарып башкар” деген принциптин негизинде тарыхыбызды, тегибизди жоготуп, Кеңеш өкмөтү учурунда атайын жасалган чыңалуунун, араздашуунун түйүнү. Мындай учурда кыргыз элин табигый биригүү жолу менен гана бириктирип, «түштүк, түндүк» деген түшүнүктү жокко чыгарып, сабырдуулукка чакырып, тынчылыкты, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, саясий, укуктук жана экономикалык кризистерден чыксак болот. Айрыкча коррупция менен күрөшүү, экономикабызды өнүктүрүү, кризистен чыгуу маселелеринин иш жүзүнө ашырылуусу, кыска мөөнөттүн ичинде чечилчү маселе эмес жана жалпы элдин катышуусуна, колдоосуна муктаж. *Кыргыз элинин руханий байлыгын, тарыхын калыптандыруу менен кыргыз элинин түндүк-түштүк болуп жасалма бөлүнүүсүн жоюу, табигый бириктирүүгө өтүү, Кыргызстандын келечеги үчүн материалдык, экономикалык, социалдык маселелеринин кыйынчылык сыноолорунан өтүүгө дем берет.

Элдердин биригүүсүнүн же бөлүнүүсүнүн түрлөрү

Адам баласы болуп жаралгандан бери, бөлүнүп-жарылуунун же биригүүнүн эки түрү жашап келген. Биринчиси үй-бүлөөдөн урук, уруктан уруу, уруудан улут же этнос түптөлгөн. Этнос деген түшүнүк бул мамлекет деген түшүнүк. Экинчиси урук уруудан бирикпей эле этностун жаралышы. Мисалы француздарда, гректерде, италияндарда, великорустарда, украиндерде урук, уруу деген биригүү же бөлүнүү жок. Бирок, бул мамлекеттерде урук, уруу болуп биригүүнүн ордун тап доорундагы бай, кедей, диний көз караштагыларга, коомдук кызматкерлерге бөлүнгөнүн айтпаганда да бүгүн регион, регионго, жердешчиликке, партияларга, бай, жардыга бөлүнүү жана биригүү өтө күчтүү. Тарыхка көз жүгүртсөк, адамзат болуп жаралгандан бери бөлүнүп-жарылуу, биригүү тынбай жүрүп келген. Ошондуктан адам баласынын эки түрдө биригүүсүн, же бөлүнүп-жарылуусун окумуштуулар изилдеп, биринчи түрдөгү табигый биригүү боюнча үй бүлөөдөн уруктун, уруктан уруунун, уруудан улуттун түптөлүүсүн тирүү организмге салыштырышкан. Ага бир далил, кылымдын кыргынын башынан кечирген түрк, кыргыз элдеринин урууларынын, тегин бүгүнкү күнгө чейин сактап келиши. Анткени, атасыз бала жаралбагандай эле, табигый биригүүдөгү элдерде тексиз, башчысыз урук, уруу болбогон. Чындыгында эле ар бир кыргыз атуулу, өзүнүн кандайдыр бир урууга таандык экенин жарык дүйнөгө келгенден баштап сезет. Ал эми экинчи түрдөгү коом жана партиялар аркылуу «эрктүү биригүүдө», саясий кызыкчылык жана материалдык жыргалчылыкты өндүрүү жолу биригүүнүн негизин түзөт. Бул багытта программалары иш жүзүнө ашпай калган жогоруда аты аталган мамлекеттерде миллиондогон коомдор, партиялар жабылып ачылган. Бизде алыс барбай жоюлуп кеткен СССР учурундагы Коммунистердин партиясын, эгемендүүлүк учурунан берки «Алга Кыргызстан», «Ак жол» жана акыркы күндөрүн жашап жаткан “СДПК” партияларын айтсак болот. Андагы жоюлуп кеткен партиялардын мүчөлөрү саясий, материалдык жыргалчылыкты өндүрүү кызыкчылыктары төп келишкендиктен бүгүнкү парламенттеги партияларда мүчө болуп, Кыргызстандын саясий турмушунда жигердүү катышып, кадимкидей эле жашоосун улап жатышат. Алар кечеги эле өздөрү мүчө болгон «Ак жол», «Алга Кыргызстан» партияларын, анын жетекчилерин унутушканы менен, теги аркылуу кайсыл урууга таандык экенин өздөрүнүн аталарын унутушпайт. Көңүл бурчу нерсе, саясий абалга жараша партиядан партияга кирип жана чыгып жүрө берсе болот. Ал эми бир уруудан экинчи урууга өтүү, же чыгуу дегин эле мүмкүн эмес. Кыргыз-түрк элдеринин тегин, теги аркылуу биригүүсүн 300 жылда Чынгыз хандын орнотуп кеткен бийлиги, 150 жылда Орус падышалыгы, андан кийинки Кеңеш өкмөтү да урук-уруусу менен кыргын жасашып, куугунтукка алышып жок кыла алышпады. Биз кайсыл биригүүнүн негизинде түптөлгөн этносбуз? Эгерде табигый биригүүдөгү этнос болсок, табигый биригүүдөгү этнос үй бүлөө, урук, уруудан түптөлөт. Демек, ким болгонбузду тактап албасак, келечекте ким болуп калышыбыз да белгисиз болот. Уруулардын насилдери Кыргызстандын бүткүл аймагында аралашып жашашат. Бирок, тарыхы калыптанбагандыктан бир атанын балдары болоорун билишпей, «түндүктүк» жана түштүктүккө бөлүнүшөт.

Тургуналы Арипов, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *