Түрк сериалдарында жаңы жылдыз – Ханде Эрчел

Акыркы түрк сериалдарынын жылдызына айланган, жылдызы жанып келе жаткан актриса Ханде Эрчел 1993-жылы 24-ноябрда Түркиянын Бандырма шаарында жарык дүйнөгө келген. Ханде балалыгын эскергенде ар дайым өз шаарында достору менен түндүн бир оокумуна чейин көңүлдүү ойногондорун эстейт. Мисалы Стамбул шаарындай чоң шаарларда мындай көрүнүштөр жок. Ханде бала кезинен актердук дараметин сынап, мектепте өткөн ар кандай иш-чараларда, спектаклдерде башкы ролдордо болгон. Ал эми жогорку билимди Искусство Университетинен алып, «Түрк салттуу маданиятын» окуган.

Ханде Эрчелдин эжеси дагы бар. Ал да өзүн актриса катары сынап келет. Эже-сиңдинин ортосундагы жаш айырмачылык бир гана жыл болгондуктан, бала кезинде өздөрүн эгиздердей алып жүрүшкөндүктөрүн айтышат. Кыздардын атасы соода-сатык тармагында иш жүргүзөт, апасы көпчүлүк кожойкелердей үй жумуштары менен алек.

Ханде Эрчел 19 жашында Азербайжанда өткөн сулуулар сынагына катышкан. Ал сынакта 2-орунду камсыз кылып, көпчүлүк ММКлардын назарына түшкөн. Сынактан соң сулууга жарнама жаатында, кино боюнча жана абройлуу журналдардан ар кандай сунуштар түшө баштаган.

Карьерасы

Бир жолу сериалга тартылуу үчүн ал бир жума аралыгында 5 кг салмактан арыла алган. Ханденин сериалдардагы алгачкы анча чоң эмес ролу «Чалыкушу» (Королёк – птичка певчая) сериалында болгон. Андан кийин маанилүү роль «Гюнештин кыздары» (Дочери Гюнеш) теле-долбооруна туура келди. Селиндин образын жараткан актрисага оомат жылмайып, ал чыныгы жылдызга айланган. Ушул ийгилигинен соң режиссерлордун бири актрисага башкы ролду «Сүйүү сөзгө түшүнбөйт» (Любовь не понимает слов) тасмасында берген. Көп сериалдуу тасма романтикалык жана көңүлдүү окуяларга бай болгондуктан, бат эле көп күйөрман чогулта алган. 2016-жылдан тарта актриса L’Оreal Раris компаниясынын жүзү болуп, аталган фирманын чач боекторун жарнамалап келет. Айтмакчы, фирманын эрежеси боюнча актриса чачынын өңүн жарнамада кандай болсо, ошол боюнча бир жыл бою өзгөртпөөгө тийиш.

Андан кийинки Ханденин карьерасындагы ийгиликтүү ролу 2017-жылы жарык көргөн «Кара бермет» (Черный жемчуг) сериалы болду. Быйыл жарык көргөн «Сүйүү сөзгө түшүнбөйт» сериалында дагы актриса башкы ролду ойноп, түрк сериалдарынын жылдызына айлана алды.

Ханде жөнөкөй жана ачык-айрым актриса

Актриса кино жаатында ийгиликтерге жетип, жылдыз болгонуна карабай өтө жөнөкөй, адамдар менен баарлашканды жактырган ачык-айрым кыз. Журналисттердин ар бир суроосуна жооп бергенге даяр. Интервьюлардан качпайт. Аны менен баарлашкан адам сөзсүз түрдө өзү үчүн кызыктуу маалымат ала алат. Анын айтымында ачык кызыл өңдөгү эрин боегучту жактырат. Ар кандай тагынгычтарды өтө сүйөт. Ал эми эс алуунун эң жакшы түрү деп укалоо сеансын эсептейт. Спорттун аэробика түрү менен машыгаарын жашырбайт. Актриса кийинүү стили менен дагы күйөрмандарына жакын. Себеби ал кымбат баалуу көйнөктөргө караганда көпчүлүк күнүмдүк турмушта кийип жүргөн джинсы шымдарын кийгенди жакшы көрөт. Ал джинсы шымдарды «экинчи терим» деп эсептээрин айтканы бар. Мындан тышкары boyfriend стилиндеги джинсы шымдар Ханденин гардеробунда бир канча даана. Актриса мүнөзүндөгү өжөрлүктү баса белгилейт. Дал ушул сапаты анын белгилүү актриса болуусуна себеп болгон. Жылдыз статусуна карабай үй-бүлөнү башкы орунга койгон актриса айланасында болуп жаткан кырдаалга ар дайым позитивдүү караганга аракет кылат. Анан да саякаттоону жакшы көрөт. Музыка жаатында ырчы Веуоnсе’тун ырларын сүйүп укса, баалаган актрисасы Натали Портман экен.

Актрисанын жеке жашоосу

Ханде Эрчел бир кездерде актер Экин Мерт Даймазт менен мамиледе болгон. Актер мырза бир нече жарнамаларда, ал тургай «Запах клубники» теленовелласында роль жараткан. Бирок эки жаштын сезимдери көпкө узаган эмес. Кийинчерээк актрисаны «Даңазалуу доор» сериалындагы актер Толга Сарыташ менен жакын мамиледе экендиги белгилүү болгон. Бирок бул да олуттуу сөз эмес окшойт. Анткени актриса турмушка чыгууну бир жолу жана түбөлүккө болуусу керек деп эсептейт. Ошондуктан Ханде азырынча карьера жөнүндө гана ойлонуп жатканын жашырбайт. Себеби анын азыр жылдызы жанып турган кези.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *