Түркия жана Кыргызстан бийликтеринин пикир алмашуу практикасынын зарылчылыгын баса белгилешти

2017-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси  Ибрагим Жунусовдун Түркия Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Исмаил Рюштю Джирит менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын арасындагы сот иштери боюнча кызматташтыгы тууралуу талкууга алынып, эки өлкөнүн сот бийликтеринин пикир алмашуу практикасынын зарылчылыгын баса белгилешти.

Мындан сырткары түрк тарабы 2018-жылдын март айында Түркиянын Жогорку Сотунун түзүлгөндүгүнүн 150-жылдыгына арналган иш-чара боло тургандыгын маалымдап, айтылган иш-чарага Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин өкүлдөрүнүн да чакырылаарын билдирди.

Элчи И.Жунусов жана Төрага И.Р.Джирит мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында тыгыз байланыштарды сактоого даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуу жагымдуу шартта өттү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *