Түркияда Курманжан датканын элесине арналган иш-чара өткөрүлөт. “Датка”, “Алай ханышасы” наамын ким ыйгарган?

Түркияда Курманжан датканын элесине арналган иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.

Алардын айтымында, Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуп, Түркиянын Анкара шаарында Курманжан датканын элесине арналган иш-чараны 1-февралда (Курманжан датка дал ушул күнү, 1907-жылы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган – авт.) өткөрүүнү макулдашкан.

Курманжан датканын туулуп-өскөн айылы

Тарыхый инсан Курманжан датканы ар кайсы аймактарда, чет жактарда эскерүү февраль айынын башында башталат. Биз дагы өмүр баянынан учкай берип, эскерип коюуну чечтик. Курманжан апабыз “Датка” жана “Алай ханышасы” наамын кантип алган жана аны ким ыйгарган? Бул кызык. Кызыктуу фактыларды окуп коюнуздар, урматтуу окурман! 

Курманжан датка 1811-жылы Оштун Жапалак айылына караштуу Орке кыштагында туулган. Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.

Эки датканын баш кошкон күнү жана балдары

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон.

Алымбек датканын өлүмү. “Датка” наамынын ыйгарылышы…

1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин, Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан “датка” аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган.

Курманжан даткага “Алай канышасы” наамын орустар ыйгарганбы?

19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну датка-айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоңалайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин щейлагерине түшкөн. Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага “Алай канышасы” деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон.

1876-жылы күзүндө Кабулдан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичиалайды, Ноокатты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай канышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңымаргалаң (Скобелев) шаарларына келип, сүйлөшүп турган. Согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылы 1-декабрда император Николай II асыл таштуу шакекти Курманжан даткага белек катары берип жибергендигин маалымдайт. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган.

Курманжан датканын көз жумган күнү…

1895-жылы уулу Камчыбек дарга асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Орусия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *