Түркияда күрт партиясынын лидерлери камалгандан кийин жардыруу болду

Калкынын көбүн күрттөр түзгөн Түркиянын Диярбакыр шаарындагы ири жардыруудан кеминде алты киши жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуу бүгүн эртең менен Баглар районундагы полиция имаратынын алдында болгон. Болжолдуу түрдө анда мина коюлган унаа жардырылган.

Окуя болордон бир нече саат мурда бийлик күртчүл Элдик демократиялык партиянын 11 депутатын камакка алган. Алардын арасында партиянын теңтөрагалары Селахаттин Демирташ жана Фиген Юксекдаг бар. Күч түзүмдөрүндөгү булактардын айтымында, камакка алуулар терроризм иши боюнча тергөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Элдик демократиялык партия өткөн жылы биринчи жолу парламентке өтүп, өлкөдөгү үчүнчү ири партия болуп калган. Түркия бийлиги аталган партияны өлкөдө тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясына тиешеси бар деп эсептейт. Өз кезегинде партия Анкаранын ал билдирүүлөрүн четке кагып келет.

Июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен бери Түркияда өзгөчө абал режими күчүндө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *