Түркияда кыргыз жигитти атып кетишти

23 жаштагы Муктарбектин киши колдуу болгону тууралуу суук кабар Түркиянын дээрлик бардык басылмаларында жазылып, жергиликтүү окурмандар кызуу талкуулап жатышат. Окуя 7-июлда таңга маал болгондуктан окуянын күбөлөрү да аз. Муктарбек келишим түзүп келген “Атлант” агенттигинин кызматкери Орхан Кая суук кабарды угаары менен каргаша болгон жерге барганын төмөндөгүчө айтып берген: “Кыргыз жигит эртең менен жумушка барыш үчүн аялдамага чыгыптыр. Дал ошондо жолдун аркы бетиндеги кафеден мас абалындагы шектүү киши чыгат. Ошол убакта жолдун четинде турган башка бир түрктү мээлеп туруп атканда, ок кыргыз жигитке тийиптир. Мунун баары көчөдөгү коопсуздук камераларына түшүп калган. Каза. болгон жигиттин эч кандай күнөөсү жок, каргыш тийген октун айынан өмүрү үзүлдү. Биз – агенттик жана каза болгон жигит иштеген мейманкана – бул кылмышкерди жөн койбой, эң оор жаза алышын талап кылабыз. Анткени Муктарбектин иштегени да, жүрүм-туруму да мыкты болчу”.

Муктарбек келинчеги менен Кыргызстандан Анталияга келип иштеп жатканына 1,5 ай гана болгон. Ошол каргашалуу күнү автобус күтүп турганда ок тийген.

Муктарбек иштеген мейманкананын жетекчилери айткандай, Түркиянын эмгек келишими кенемте төлөө мыйзамына ылайык мигрант канча айга келишим түзүп келсе, ошончо айлыгы толугу менен жакындарына төлөнүп берилет. Муктарбек быйыл октябрга чейин Аланиядагы мейманканада иштемек.

Өткөн аптада да Екатеринбург шаарында жеке ишкер кыргыз жаранын белгисиз бирөөлөр атып кетишкен болчу. Ал окуя да камерага түшүп калып, жердешибизди аткандар кармалган. Бирок кылмышкерлер жоопко тартылган, тартылбагандыгы тууралуу жарытылуу маалымат айтылган жок.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *