Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп кыргызстандык мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды

27-октябрда Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал 13 жаштагы cекелекке “жыныстык ыдык көрсөттү” деп, Түркиянын Жаза кодексинин 103-беренеси (“Балдарды жыныстык жактан кордоо”) боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу “Hürriyet” басылмасы жазып чыкты.

Окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгону, сабакта мугалим окуучу кыздын бутун кармалаганы айтылган. Бирок ал сотто өзүнө коюлган дооматка макул болгон эмес: “Мен 25 жылдан бери пианинодон сабак берем. Мен кыянаттык кылып окуучумдун буттарын кармалаган эмесмин, педалды бассын дегем. Бул сабактын бир ыкмасы”, – деди соттолгон мугалим.

Айта кетсек, ал 15 жылдан бери Анталиянын Манавгат шаарчасында жеке менчик музыка мектебинде пианино мугалими болуп иштечү.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын абактарында учурда жалпы төрт кыргызстандык отурат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *