Түркиядагы 46 жарандын 17си акысын алып кайтып келди, калгандары да кезектешип алып жатышат

Түркияда эмгек акысын ала албай жаткан 46 жарандын 17си акысын алып мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун берген маалыматында, кыргыз жарандары эмгектенген мейманкананын жетекчилиги алардын айлык акыларын төлөп берди.

“17 жаран акыларын алып мекенине жөнөтүлдү. Калган 29 жаран да кезек менен алып жатышат, эмгек акыларын толук алган соң аларды да мекенине кайтаруу каралууда”,- деп билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркияда мейманканалардын биринде эмгектен 46 кыргыз жараны эмгек акыларын ала албай жаткандыгы кабарланган.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *