Түркиядан сексуалдык кулчулукта жүргөн кыргызстандык кыз бошотулду

Түрктөрдүн Анталья шаарынан кыздарды сойкулукка мажбур кылган банда мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Haberler сайты жазып чыкты.

Алардын айтымында, жалпы жонунан жети: кыргызстандык, молдовалык жана калганы түрк кыздар бошотулду. Куткарылгандардын арасында кыргызстандык кыз да бар экен.  Сойкулуктан акча тапкан жети эркек колго түшүрүлдү. Алар бул кылмыш менен бир топ жылдан бери шугулданып жүргөн. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Түркияга иш издеп бараткан кыз-келиндерибиз абайлашпаса болбойт!

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *