Түркмөн бийлиги газ жана суу үчүн акы төлөбөгөн жарандар соттоло турганын эскертүүдө

Түркмөнстанда жарандар газ гана суу үчүн он күндүн ичинде акы төлөбөсө, сот жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндөгү эскертүүлөрдү алып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, газ кызматынын өкүлдөрү Ашхабаддын жана шаар четиндеги айылдардын жашоочуларынан эскертүүнү алгандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышууда. Үйдө эч ким жок болсо, билдирүүнү калтырып кетип жатышат.

«Мындан тышкары, Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында, ошондой эле район борборлорунда полиция менен прокуратура кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, тургундардан эсептегичтерди орнотууну талап кылышууда», — деп жазды басылма.

Түркмөн өкмөтү быйыл сентябрда 25 жылдан бери калкка бекер берилип келген газ жана сууга болгон жеңилдиктерди жойгон. Мындан соң жарандар өз эсебинен эсептегичтерди орнотууга милдеттендирилген.

Газ эсептегичтерин орнотуунун баасы 250 манат, бирок иш жүзүндө кыйла айырмаланып, 400 манатка чейин жетиши мүмкүн. (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча, учурда 1 доллар 3,5 түркмөн манатына барабар).

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *