Түркмөн жарандары Өзбекстандагы банкоматтардан акча ала албай жатышат

Түркмөнстан банктарынын төлөм карталарына ээлик кылган жарандар Өзбекстандагы банкоматтардан акча ала албай жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
Акыркы кездери банк карталарындагы акчаларын алуу үчүн чет өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга барып жаткан түркмөнстандыктардын саны көбөйгөнү кабарланган.

Маалыматка караганда, түркмөн банктары кардарларынын пластик карталары аркылуу Өзбекстанда банк операцияларын жүргүзүүсүнө 2-3 ай мурда чектөөлөрдү киргизген.

Өз кезегинде Өзбекстандын Борбордук банкы түркмөнстандыктардын банк карталарына киргизилген чектөөлөргө өзбек банктарынын тиешеси жок экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *