Түркмөнстан эгемендүүлүк күнүнө карата алабайдын эстелигин ачканы турат

Түркмөнстандын эгемендик алган күнү – 27-октябрь. 6-ноябрда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашгабаттагы эң ири объектилердин курулушун текшерип чыкты. Бул тууралуу 7-ноябрда “Хроника Туркменистана” басылмасы жазып чыкты.

2020-жылы Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл толуп, ага карата ири курулуштар башталган. Аларын арасында түркмөндөрдүн сыймыгына айланган алабай ити да бар. Анын эстелиги аябай зор болот деп жатышат: пайдубалдын туурасы – 40 метр, ит турган постамент – 9 метр, иттин бийиктиги – 6 метр.  Мындан тышкары эмдиги жылга чейин башкалаада он алты 12 кабаттуу үйлөр курулмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *