Түркмөнстан Оор атлетика федерациясы санкцияга кабылышы мүмкүн

Ашхабадда 1-10-ноябрь аралыгында өткөн Оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатынан кийин Түркмөнстан Оор атлетика федерациясы Бүткүл дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) санкциясына кабылышы мүмкүн.

Inside The Games басылмасы кабарлагандай, Түркмөнстан Оор атлетика федерациясы 2015-жылы кызытма колдонгону үчүн дисквалификация болгон штангист Умурбек Базарбаевди машыктыруучу катары мелдешке тарткан.

Олимпиада оюндарынын төрт жолку катышуучусу, көп жолку чемпион жана штанга боюнча Түркмөнстанда рекорд койгон Умурбек Базарбаев 2015-жылы Хьюстондо өткөн Дүйнө чемпионатында допинг менен кармалып, төрт жылга, тактап айтканда 2019-жылдын декабрь айына чейин мелдештерден четтетилген.

Бүткүл дүйнөлүк антидопинг кодексин бузган спортчу эми 2023-жылга чейин дисквалификация болушу ыктымал. Inside The Games басылмасы Түркмөнстан оор атлетика федерациясы WADA чечимдерин бузганы үчүн Эл аралык оор атлетика федерациясынын (IWF) санкциясына да кабылышы мүмкүн экенин жазды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *