Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Түркмөнстанда айыппул төлөбөгөндөр пахта теримге жөнөтүлүүдө
Борбордук Азияда КООМ

Түркмөнстанда айыппул төлөбөгөндөр пахта теримге жөнөтүлүүдө

Түркмөнстанда полиция кызматкерлери көчөдө беткапчан жүргөн кишилерди кармап, айыппул салууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдирүүдө.

“Бир ай мурун көчөдө беткапсыз жүргөндөргө 21 манат айыппул салышса, эми 51 манат айыппул сала башташты. Айыппулду дароо төлөөгө мажбурлашууда, ошол эле маалда эч кандай кивтанция беришпейт”, – деди редакциянын Мары облусундагы кабарчысы.

Ал арада көчөдө беткапсыз жүргөн жарандар менен катар каскасыз велосипед тепкендер, насвай тарткандар жана алаүү болуп жүргөндөр да кармалып, айыппул төлөбөгөндөрү пахта теримге жөнөтүлүүдө.

Маалыматка караганда, кармалган жарандар 40 килограмм пахта терүүгө милдеттендирилүүдө жана катаал көзөмөл алдында иштешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады