Түркмөнстанда акча которуу эрежелери катаалдашты

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз районунда акча которуу учурунда кардарлардан паспорттун бардык барактарынын көчүрмөсүн талап кылышууда.

“25-июлдан тарта “Western Union” аркылуу акча которгон ата-энелер үчүн жаңы эреже киргизилди: акча которуу үчүн паспорттун 48 барагынын көчүрмөсүн сурашууда. Буга чейин биринчи жана чек арадан өткөнү үчүн мөөр басылган барактарынын көчүрмөсү гана талап кылынчу”.

Мындай эреже башка аймактарда киргизиле элек.

“Western Union” кызматы – тез акча которууда түркмөнстандыктар үчүн жападан жалгыз мүмкүнчүлүк.

Акча которууда чектөөлөр бар. Учурда өлкө жашоочулары чет мамлекеттерге айына 300 доллардан ашык каражат жөнөтө алышпайт.

2016-жылы Түркмөнстанда валюталарды эркин конвертациялоо токтотулгандан кийин түркмөн бийлиги өлкө тышында жана ичинде акча которууларга чектөө киргизип келет.

“Western Union” кызматын адатта чет өлкөдө балдары окуган түркмөнстандыктар колдонот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *