Түркмөнстанда милдеттүү автокамсыздандыруу киргизилүүдө

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Транспорт каражаттарынын ээлеринин үчүнчү жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Өкмөттөн билдиришкендей, документ Түркмөнстандагы «Камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзамдын жобосуна ылайык жана Жогорку көзөмөл палатасынын сунушунун негизинде даярдалган.

ММКлардын маалыматы боюнча камсыздандыруунун бар-жок экени жол полициясы жана тиешелүү органдар тарабынан автоунааны каттоодо, каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү маалында текшерилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *