Түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма жиптерди алып өтүүгө тыюу салынды

Салык кызматынан билдирүүсүнө караганда, 1,6 миллион сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 миллион сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерди кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чалдовар автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган. Алардын электрондук эсеп-фактурасына Казакстандын салык органынын мөөрү коюлган эмес, сертификаты да жок болуп чыккан. Ошондон улам, түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма жиптерди мыйзамсыз алып өтүүгө тыюу салынды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *