“Турмушка чыгаарым менен эле качан жаңылык угабыз дей башташты…”

Ар жума сайын турмуштун сыноосуна кабылган инсандардын тагдырын баяндап келебиз. Бул ирет “баланын бары да, жогу да азап” дегендей, балалуу боло албай азаптанган инсандын тагдырын баяндайбыз. (Каармандын өтүнүчү менен аты аталган жок).

Биз жолдошум экөөбүз бир курста билим алчубуз. Окууну аяктап калганда баш кошууну туура көрдүк. Эл катары топурап той бербей эле, чакан чөйрөдө баш кошуп бапырап жашап калдык. Адатта кыз бала турмушка чыгаары менен эле тааныш, дос-жардын бардыгы, тууган-туушкандар баш болуп: “Эмне жаңылык? Эми качан? Курсакта бир нерсе барбы?” – деп сурай берет эмеспи. Бул экзаменден мен да өттүм. Жок, жаңылам, өмүр бою өтө албай келем. Жылдар зымырап уча берди. Бизден кийинки баш кошкондордун көбү балалуу болушуп, алды чуркап ойной башташты. Конокторго барганда балалууларды көрсөк экөөбүз тең муңайчу болдук. Өзүмдү күнөөлөп, көп жыл дарыландым. Бирок тилекке каршы майнап чыккан жок.

“Төрөбөгөн аялды кетир дешип…”

Барган жериңе башың батканы менен согончогуң канабаса толук батып кете албайт экенсиң. Мен үйдө келин эмес, тек гана кызматчыга айланып бара жаттым. Бирок жолдошум үмүтүн үзбөй бакшыдан баштап, шаардын эң жакшы деген дарыгерлерине алып барып жүрдү. Бардыгы эле жайында дегенден башка жооп ала алган жокпуз. Арадан билинбей 10 жыл өтүптүр. Бир күнү кайын журтум чогулуп: “10 жылдан бери балалуу боло алган жоксуңар, бири-бириңердин багыңарды байлабагыла, ажырашып башка турмуш кургула. Уулубуз балалуу болушу керек, тукум калсың”, – деп так кесе айтышты. Мындай сунушту жолдошум да күткөн эмесмин дейт. Мен ансызда араң эле жүргөн жаным дароо кийимдеримли чогултуп үйдөн чыгып кеттим.

“Жолдошум эгерде балалуу болсоң ал меники эмес деп…”

Турмуштан чыгып, борборго келип жашоомду жаңы барактан баштоону туура көрдүм. Канча жылдан бери кайгы менен алыша берип өзүмдү ушунчалык азапка салып, таптакыр келбетиме, ден соолугума да көңүл бурбаптырмын. Кенен-кенен дем алып, бардыгын унутууга аракет кыла баштадым. Күндөрдүн биринде күтүүсүз эшигим кагылды. Чуркап барып ача калсам жолдошум экен. Ушунчалык ызалуу, ачуулуу. Чынын айтсам абдан коркуп кеттим. Иштин чоо-жайын сурагандан да корктум. Унчукпай үйгө кирди. Тунжурап бир топко отурдук. “Жүрү кеттик, балалуу болбосом жок, сен гана мени түшүнөсүң”, – деп суранды. Бирок кайра эле баягы жемени уккум келбей, барбайм дедим. Жолдошум буркурап ыйлап жиберди. Мени алып кетүү үчүн мынчалык ыйлабас эле, бир себеп болгон го деп батынып сурай да албай жанында үнсүз отурдум. Колумду кармап: “Алтыным, ушунча жылдан бери эмнеге сен гана дарыланып, сен гана күнөөлүү болуп жүрдүң эле? Эмнеге мен текшерилип көргөн эмес элем? 100% балалуу болосуң деген кепилдикти мага ким берди эле? Мен эмнеге бир жолу дарыланып көрөйүн деп ойлонгон жок элем”, – деп көзүн жашылдантты. Көрсө мен кеткенден кийин доктурга барып толугу менен текшерилиптир. Тилекке каршы, жолдошум балалуу боло албайт экен. Биздин эң ызаланганыбыз эмнеге кыргыздар эгерде балдары балалуу болбой жатса жалгыз эле келинди күнөөлөй беришет деген суроо болду. Ошол маалда жолдошум: “Эгерде балалуу болсоң ал меники эмес! Сени эч кимге бербейм. Өзүм да башкага үйлөнбөйм. Бирок бир суранычым, менин балалуу боло албастыгымды эч кимге айтпа. Өмүр бою жаныңда болом, бала багып алабыз”, – деп буркурап ыйлап жатты. Ойлонууга убакыт да берген жок. Дароо алып кетем деп келиптир. Убакыт да бере албастыгын айтып, азыр кетсең кеттик, кетпесең кайрылбайм деп ызасы менен так кесе айтты. Мен анын шарттарына көндүм. Төрөбөйт экенмин, арга жок деп тагдырга баш ийип жолдошум менен жашап калдым. Кайын инимдин уулун багып алдык. Турмуштан эч нерседен кем болгон жокмун. Өкүнгөн да жокмун. Жолдошум көзүмдү карап турат. Эркектик намыс деген ушундай күчтүү болот экен. Бирок мен да бала эмизип, наристе жытын жыттагым келчү…

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *