Турсунали Рустамов Тажикстандын “Хужанд” футбол клубунда ойнойт

Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчусу Турсунали Рустамов Тажикстандын “Хужанд” футбол клубунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Турсунали Рустамов “Хужанд” футбол клубу менен келишимди бир жылга түздү.

Футболчу алгач “Андижан” футболдук клубу менен келишим түзмөк. Бирок аталган клуб менен бир пикирге келе албай, “Хужанд” клубунун сунушун кабыл алган.

Булак:KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *