Турсунбек Акун: бийлик менен элдин ортосундагы сый мамилени калыбына келтирсек, мамлекетибизде өнүгүү болот

Турсунбек мырза, эмне максат менен сый мамилени калыбына келтирүү демилгеси көтөрүп жатасыз? Кимдир бирөөнүн тапшырмасын ишке ашыруунун аракетин көргөн жоксузбу?

-Эч кимдин деле тапшырмасын аткарып жаткан жокмун. Көптөн бери жүрөгүмдү өйкөп, ойго салып жүргөн маселени коомчулукка алып чыгайын деп чечтим. Бул маселени көтөрүп чыгарда көп ойлондум. Себеби, жумурткадан кыр издегендер демократ болуп туруп, ушундай ишти баштады деп сындап жатып калышат. Анын баарын билсем да улуу ишти баштайын деген чечим менен сый мамилени калыбына келтирүү демилгесин көтөрдүм. Мен башымдан көп нерсени көтөрдүм. Демократиянын Кыргызстанда өнүгүшүнө салым коштум, сансыз митинг-пикеттерге чыктым. Көпчүлүк сыяктуу адилеттик издеп, азап да тарттым, ыйлаган кишинин көз жашын да аарчыдым. Президенттерди ачуу сөздөр менен сындадым. Айтор, көп иш менен алек болдум. Ошондой болсо да эл менен бийликтин ортосунда сый мамилени калыбына келтирели деген ойго кеңтелдим. Анткени, курагым да ар бир нерсенин баркын баасын биле турган мезгилге келди. Баарыбыз бири-бирибизге аяр мамиле кылалы. Улуу элдин, кагандын тукуму экенибизди эске алалы, эски салтты улайлы деген ойдо ушул маселени көтөрүп жатам. Бул демилгенин алкагында эл менен бийлик жакындашса экен, эл бийликти жээрибей бийликтегилер элди кемсинтпей, адамдын кадыр-баркына, абийирине, ар-намысына шек келтирбей баарыбыз бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылсак жакшы болот эле деген ойдомун. Башкача айтканда, баарыбыз ынтымакка келип, жоопкерчилиги-бизди сезсек, мамлекетибизде өнүп өсүү болот эле. Бул демилгенин жардамы менен бир жактуу каралоодон алыс болот элек. Бийликтегилердин иштешине шарт түзүп, жоопкерчилигин мурдагыдан да жогорулатат элек.

-Ошондо бийликтегилерди сындабай, катуу айтпай эркелетебизби?

-Бийлик өкүлдөрүн сындабайлы деген жокмун. Болгону, ашыкча сындабасак. Адамдык ар-намысына шек келтирбесек, ата-тегине асылбасак, иштешине шарт түзсөк деген ойду айтып жатам. Бийлик өкүлдөрү элден ыйбаа кылса, мамлекетибизге кут конуп, тынчтык орноп, ишибиз илгерилейт беле деп ойлойм. Анткени, ырыскы да тынчтык өкүм сүргөн жерге келет. Мамлекеттин кутун качырбай ушундай жолду тандасак жаман болбос эле .м.

Эл бийликке каяша кайрыбай, сындабай калса эле баары жайында болуп, бийликтегилер камчы салдырбай иштеп, өз жоопкерчилигин сезип калабы?

-Бийликтегилер да ошол сыйды түшүнүп, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, эки жаат болуп урушпай ынтымакта иштеп, коррупция-дан алые болуп калат эле деген үмүттөмүн. Анткени, элдин урмат-сыйынан жогору жактагылар иштебей койбой турган абалга жетсек жакшы болот эле. Журналисттер да сындаган кишисин карикатура кылбай, алгач өздөрүнө кайрылып, туура эмес аракетиңизди токтотпосоңуз шылдың болчу сүрөт менен чыгарабыз дешсе, чиновниктер да тизгинин тартып, оңолуу жолуна түшөт эле. Мен журналисттерди такыр эле сындабасын дебейм. Сындасын. Реалдуулуктан алыстабай, ата-тегине, асылганды адат кылып алганды токтотолу, адамдын беделине шек келтирбей бир жактуу каралоодон алые бололу деген чакырык таштап жатам.

-Эгер коррупционер, элдин ырыскысын жеп ичкендер болсо да, жогорку кызматтарды аркалайт деп аларды аяшыбыз керекпи?

-Андай адамдарды уяткарыш керек. Болгону абийирге, адамдык беделине шек келтиргенден ата-энесине чейин асылып, бир жактуу каралоодон алыс болушубуз керек. Мен ушундай нерсени токтотолу, жамандай эле бербей жакшы жагын да айта жүрөлү деген ойдо ушул маселени көтөрүп жатам.

-Бийликке шарт түзөлү дегениңиз менен мурунку президент Алмазбек Атамбаев өз кадрларынын камакка алынышын өч алуу катары баалады го?

-Мен билгени президент Сооронбай Шарипович өч алуу акциясын баштаган жок. Тескерисинче, казынага кол салган, мамлекетке кедергисин тийгизген адамдарды алганын ордуна койдуруу үчүн ушундай кадамга барып жатат. Ал Атамбаевдин кадрларынын баарын иштен айдаган жок. Өз ишин жакшы билген-дер баштагыдай эле иштеп жатат. Болгону, ишти жөндөй албай казынага кол салгандарга чара көрүп жатат. Ошон үчүн аны куугунтук же өч алуу деп кабыл албашыбыз керек.

-Президенттин башка мамлекеттерде өз эне тилинде мамлекеттик тилде сүйлөгөнүн жакшы жөрөлгө катары бааласак болобу?

-Албетте, жакшы жөрөлгө катары кабыл алсак болот. Сооронбай Шарипович Туркия барганда дагы мамлекеттик тилде сүйлөгөн. Көптөр президентке ичи жылыганын айтышып, ыраазы болушкан. Кытайга барганда дагы мамлекеттик тилде сүйлөп көп кишини кубантты.

Президенттин бул аракетин байкап, өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылган кытай республикасынын жетекчилери “Манас” эпосун сахналаштырып, Манасты кытай тилинде жаңыртып, бизди кубанычка бөлөдү. Манас баатырыбызга болгон сыйын көрсөттү.

-Турсунбек агай,бир сапар курсташым Сооронбай Жээнбеков сотторго, прокурорлорго кийлигишпейт деген элеңиз. Бирок, Текебаевдин иши кайра каралуудан баш тартылып, Садыр Жапаров күнөөсү далилденбесе да акталбай калды го?

-Алманбет Шыкмаматов акталып, райондук соттун чечими жокко чыгарылды. Тилекке каршы, Садыр Жапаров акталбай, Текебаевдин иши кайра каралбай калды. Ошондой эле Кадыров, Асановдор боюнча чечим жарым-жартылай болуп калды. Буларды актап деле жиберсе болмок. Бирок, эмнегедир прокурорлор менен соттор кылчактап кандай болуп кетет деп актай албай жатышат.

Текебаевдин ишин кайра кароого болбойт дегендин өзү Башкы прокуратура тарабынан олдоксон иш болуп калды. Текебаев чыгып кетсе, өч деле алмак эмес, өз иши менен алек болмок.

Нуркыз Бакасова

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *