Турсунбек Акун, укук коргоочу: ““Азаттыктын” иликтөөсү коомдо резонанс жаратканы менен кээ бир жерлери жеткиликсиз болуп, бир жактуулукка жол берген”

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) төрагасы, белгилүү укук коргоочу жана демократ Турсунбек Акун менен акыркы саясий окуялар тууралуу баарлаштык.

– Стамбулдагы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлөөрүнүн алдындагы берген маегине негизделген “Азаттык” радиосунун иликтөөсүнөн кийин өлкөдөгү абал курчуп, Райымбек Матраимовго байланыштуу окуяга азыркы бийлик күнөөлүү деген дооматтар ачык эле айтыла баштады. Буга сиздин оюнуз кандай?

– “Азаттыктын” же башка башка маалымат каражаттарынын кандайдыр бир бүйүр кызыткан окуялар боюнча бул сыяктуу иликтөөлөрү керек жана андай иликтөөдөн биринчи ирээт бийлик тиешелүү жыйынтыктарды чыгаруусу зарыл. Бирок, “Азаттыктын” иликтөөсү коомдо резонанс жаратканы менен кээ бир жерлери жеткиликсиз болуп, бир жактуулукка жол берген учурлары бар. Айрыкча Райымбек Матраимов тууралуу айтуу менен мурдагы президент Атамбаев тууралуу такыр сөз кылышпай, стрелканы азыркы бийликке акырын багыттап койгону көп күдүк ойлорду жаратат. Бул тууралуу башка журналисттер да өз баяндамаларында “Азаттыктын” иликтөөлөрү тууралуу сын пикирлерин айтып, коомчулук экиге бөлүнгөндөй болуп калды.

Ошол иликтөө чыгаары менен Атамбаевди колдогон медиа-ресурстар, блогерлер комментарий жазып колдоп соц.тармактарга тарката баштады. Бир убакта Атамбаев “Азаттыкка” асылып, журналисттерин куугунтуктаганын ошол замат унутуп калышты. Карамушкинасы болсо, өч алуу үчүн чыккынчылык кылып ОДКБ башталаарын билип туруп, каралоо ирээтинде импичмент маселесин көтөрүп чыга калды. Алар митинг уюштурууга өздөрүнүн соцтармактары аркылуу катуу күч жумшашты.

– Бул жерде “Азаттыктын” дагы кандайдыр бир кызыкчылыгы бар деген ойду айткыңыз келип жатабы?

– “Азаттык” радиосу Кыргыз демократиясынын өнүгүшү, адам укугунун сакталышы, өлкөдө сөз эркиндигинин болушу үчүн чоң эмгек кылганын жалпы эл унута албайт. Айрыкча, мурдагы кыргыз бийлигинен запкы жеп, камалып сабалган биз сыяктуу инсандар унутуп кала албайбыз. Кээ бир кеткен кемчиликтер үчүн эле душман көрүп, баса калып тепкилеп калуу жарабайт.

Бул иликтөөнү “Азаттык” радиосу жакшы ой менен эле жүргүздү. Алар бул иликтөөлөр менен бажы тармагындагы миллиондогон коррупциялык аракеттерге сокку урулуп, бул тармак элдин кызыкчылыгына гана иштесин деген ойдо болушту деген ишенимдемин.

“Азаттыктын” биринчи иликтөөсүнөн кийин эле тиешелүү структуралар, айрыкча укук коргоо органдары иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар боюнча ар тараптуу текшерип, оперативдүү жыйынтык чыгарып, күнөөлүү адамдар катуу жазасын алса жакшы болмок. Бирок тилекке каршы, андай болбогонун баса белгилегим келет.

– Бул жерде дүйнөлүк державалардын өз ара кармашы жүрүп жаткан жокпу? Же шайлоо жакындап келе жаткандыктан ички саясий күчтөрдүн тымызын кармашы болуп жатабы?

– “Мындай болушу мүмкүн эмес” деп эч ким кескин түрдө айта албайт. Дүйнөлүк ири державалардын кармашы ачык да, тымызын да жүрүп келгени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тирешүүнү эч бир күч токтото албайт. Дүйнөлүк саясатын жүрүшү, континенттердин кызыкчылыгы, жашоо ресурстарынын азай-ып баратышы ушундай тирешүүлөрдү жаратат. “Азаттык” радиосу Кыргызстанга, кыргыз коомчулугуна канча жардам берип келгени менен Американын Конгресси тарабынан каржыланаарын унутпашыбыз керек.

Улуу мамлекеттердин кагылышында “Азаттык” радиосу Америка тарапта эмес, Россия же Кытай тарапта болот десе эч ким ишенбейт? Маселе чечээр учурларда “Азаттык” радиосу демократия, адам укугу, сөз эркиндиги деген принциптерге негизделген Америка мамлекетинин кызыкчылыгын Россия менен Кытайга караганда көбүрөөк коргоору белгилүү. Ушул айтылган баалуулуктардын негизинде “Азаттык” өз маалыматтарын таратат.

Бирок ушул баалуулуктарга жамынган Американын артында башка да толгон кызыкчылыктары бар экендиги дүйнө коомчулугуна белгилүү. “Азаттык” радиосунун эмгек коллективи да муну жакшы түшүнөт. Бирок Американын чоң саясатына алар кирише алышпайт. Канчалаган дүйнөлүк кан төгүүлөр, улут аралык жана мамлекет аралык жаңжалдар ушул Американын аркасы менен чыгып жатканын дүйнө эли көрүп жатат.

Кыргыз Республикасы азыр Россия Федерациясы жана кошуна Кытай менен стратегиялык мамилесин бекемдеп, КМШ, ШКУ, ЖККУ сыяктуу бирикмелерге кирип, алардын жетекчилери менен байма-бай жолугушуп, түрдүү келишимдерди түзүп, кызматташуунун жолдорун таап жатканы Америка сыяктуу дүйнөлүк державаларга жага бербеси түшүнүктүү.

Ошондуктан Америка Кошмо Штаттары өзүнө кандайдыр бир баш ийген каналдар, маалымат каражаттары, өзүлөрүнүн саясатын колдогон саясатчылар, коомдук ишмерлер аркылуу мындай кызматташууларга тымызын бут тосушу же Россия жана Кытай менен кызматташкан башка мамлекет башчыларынын кадыр-баркына шек келтирүү да мыйзам ченемдүү көрүнүш.

“Азаттык” радиосунун абалын да түшүнүп мамиле кылышыбыз керек. Бирок алар кандай болсо да көп учурда массалык маалымат каражаттары боюнча дүйнөлүк стандартты сактап иштөөгө аракет кылып келишет. Аны ачык айтышыбыз керек.

– Шайлоо жакындап келе жаткандыгына байланыштуу ички саясий күчтөрдүн тымызын кармашы эмеспи? Митингге чыккан жаштардын артында саясий күчтөр турган жокпу?

– Атамбаев камалгандан кийин өлкөдө күчтүү оппозиция жокко эсе болуп калды. Кээде гана чыгып бир маалыматарды таратып, билдирүүлөрдү жасаганы болбосо системдүү оппозиция түзүлбөй жатат. Бул оппозиция үчүн эле эмес, бийлик үчүн да жаман көрүнүш. Ал эми билгендер үчүн конструктивдуу оппозициянын ролун азыр саясий партиялар же кээ бир саясатчылар эмес, Элдик Курултайдын Аткаруу Комитети аткарып жатат.

Аткаруу комитетинин ишмердүүлүгүнүн аркасы менен бир топ иштер алдыга жылганы коомчулукка белгилүү. Өлкөдө системдүү оппозиция жок болгондуктан кээ бир таасирдүү саясатчылар бирөөлөрдүн колу менен бийликке тиш кайрап, шайлоонун алдында өздөрүн көрсөтүүдө тымызын аракет кылышууда.

Алар мурда эле “Азаттыктын” алгачкы иликтөөсүн «колдоого алып» баштарын көтөрө баштаган. Анан эле жакында Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу “Азаттыктын” экинчи иликтөөсүнө жата калып жармашып, кечээ эле Атамбаев башкарып келгенин унутуп коюшуп, азыркы президентти кандай да болбосун жаман көргөзүүгө аракет кылышууда. Алар эми камакта жаткан Атамбаев менен биргеликте азыркы бийликке каршы аракетин башташты. Аларга уяттын кереги жок. Бийликке жетүү үчүн Атамбаев менен эле эмес, шайтан менен да бириге беришет.

Американын адам укугу, демократия, сөз эркиндиги тууралуу саясатын биз да колдоп АКШ бизге бул багытты өнүктүрүүгө көп жардамдарын көрсөтүп келди. Аны айтпай кое албайбыз. Бирок Американын бардык өлкөлөрдүн үстүнөн үстөмдүк жүргүзүүгө багытталган тышкы саясатын жактаган кээ бир Кыргыз саясатчылары дале болсо ачык чыга албай, “Азаттыктын” иликтөөсүнө учкашып өкмөттүк эмес уюмдарды, граждандык активисттерди, укук коргоочуларды, өзүлөрүн колдогон депутаттарды, эч арамзаалыгы жок жаштарды пайдаланып митингдерди тымызын уюштуруп, өлкөгө баш аламандык кылууга аракет кылып жатканы айдан-ачык билинүүдө.

Ошентип “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин өзүлөрү нааразы болуп чыгышты, эч ким аларды уюштурган жок» деген жаштарды дагы ушул саясатчылар уюштургандыгы акырындап ачыкка чыга баштады.

25-ноябрда чыккан «жаштардын митингин» ичинен козутуп, колтуктарына суу бүркүп, аларды артынан тымызын башкарып белгилүү активисттер, өкмөттүк эмес уюмдун жетекчилери, кээ бир укук коргоочулар жүрүштү. Бул анын ачык далили болуп бере алат.

Мындан тышкары ал митингди маалымат жагынан тейлеп, жеринен чагылдырып, сайттарга, көз каранды эмес каналдарга маалыматтарды берип Атамбаевдин, Сапар Исаковдун жактоочулары гана жүрбөстөн, Американын саясатын колдогон кээ бир саясатчылардын өкүлдөрү, жардамчылары, жеке сайттарынын жана телевидениелеринин журналисттери жүрүштү. Ошентип бийликке жетүүгө көзү кызарган, азыркы бийликти элге жаман көргөзүүгө аракет кылган саясатчылар бүт уятты жыйыштырып коюп Атамбаевдин командасы менен биригип, кечээ эле анын бийлигинен көргөн кордуктарын унутуп саясий күрөшкө чыгышты. Мына алардын чыныгы жүзү?

Ал эми азыркы бийликти жаман атты кылып, жаштарды алдыга салып, өз арам ойлорун ишке ашырууга аракет кылган кээ бир саясатчылар жылуу жерде отуруп алып, ысык кофе ичип, өздөрү уюштурган митингге көз салып мыйыгынан күлүп турушу жакшы көрүнүш эмес.

Бир чети “Аларга Атамбаев сыяктуу түрмөгө каматкан, куугунтуктаган, негизсиз иш козготкон гана неадекваттуу башкаруучу керек го?” деген да ойго кетесиң.

Ошондуктан «Жаштар өзү чыкты, эч ким аларды уюштурган жок» деген сөз тилекке каршы, чындыкка дал келбейт. Алардын артында Атамбаев менен саясий кызыкчылыктар үчүн бириккен саясий күчтөр турганы ачык эле билинип калды.

Жаштардын чыгуусун өтө митаамдык менен тиешелүү социалдык түйүндөр, жеке менчик сайттар аркылуу уюштуруп, түрдүү флешмобдорду ойлоп таап, саясаттан көп маалыматы жок жаштарды өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракеттерин көрүштү. Жаштар аны түшүнбөй, чын жүрөгүнөн чыгышып, арам ойлуулардын колундагы куралга айланышты.

Эгер жаштар өздөрү демилге көтөрүп чыгып, сунуштарын берип, нааразычылыгын айтып, бийликке өз талаптарын коюп чыгышса биз чын жүрөүубүздөн кубанат элек. Аны эл да, бийлик да туура түшүнүп жаштарга деген сый күчөмөк. Бирок иш жүзүндө андай болбогондугу өкүнүчтүү.

Ошондуктан ошол Американын баарына үстөмдүк жүргүзүүчү тышкы саясатын аңдабай колдогон арам ойлуу, кыйды саясатчыларга кайрылып, «жаштардын артына жашынып, бирөөлөрдүн колу менен чок кармаган саясатыңарды токтотуп, ачык күрөшкүлө» деп чакырып кетээр элем.

Силердин мындай бузуку аракетиңерге Кыргыз коомчулугу жол бербейт.

Мен муну силерге Кыргыз демократиясынын башында туруп, бул асыл ишке өмүрүн, жаштыгын арнаган бүткүл демократтардын атынан айтып жатам.

– Кечээги жылаңач кыздардын феминизм идеясын шылтоо кылып куттуу музейге көрсөтмө уюштурганына кандай карайсыз?

– Феминизм кыймылы дүйнөдө өнүккөн. Бирок алардын өз жолу бар. Ал эми алар ушул кыймылга жамынып алышып, Кыргыз элинин касиеттүү музейдин залына турси, майкасын илип ачык подиумга чыгышы элдин намысын, кадыр-баркын тебелеген көрүнүш болуп саналат. Музейдин моралдык жактан ката кетирген жетекчилигин жумуштан кетирип министр туура чечим кабыл алды. Биз мындайга нерсеге жол бербешибиз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *