Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: ”Батукаевди мен жалгыз чыгарып жиберишкенсип сүрөттөштү эле…”

Орто Азия боюнча укук коргоочулардын энциклопедиясына кирген, 120 миң адамдын укугун коргогон, Кыргызстандын “демократиянын аралчасы” деген атка конушуна салым кошкон, демократияны, сөз эркиндигин коргогон Турсунбек Акун менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Турсунбек агай, өзүңүз 60 жашка толупсуз, укук коргоочулук кесипти аркалаганыңызга 30 жыл болуптур. Укук коргоочулукка арналган өмүрүңүз текке кеткен жок деп ойлойсузбу?

– Текке кеткен жок. Бирок, ийгилигинен, кыйынчылыгы көп болду. Бийликке аралашкан 10 жылында сый көрдүм, кимдир бирөөлөр менен эсептешип, дүйнөнүн көп мамлекетине барып, Кыргызстандын атынан эл аралык трибуналарда сүйлөдүм. Ал эми 20 жылы таяк жеген, уурдалган, камалган, карапайым адамдардын укугун коргойм деп түйшөлгөн, үй-бүлөмдү, бала-чакамды беймаза кылган, күрөш менен күн кечирген күндөр менен коштолду. Кыргызстан эле эмес, Өзбекстан, Тажикстандан да кубулган күндөрүм болду. Кыскасы, 30 жылдын ичинде алкыш угуп, карапайым адамдардын батасын алган, ыйлаган адамдардын көз жашын аарчыган да укук коргоочулук кесиптен ырахат алган да кайталангыс мезгилдерим болду. Кандай болгон күндө да мен бактылуу адаммын. Каалаганымдын көбү аткарылды. Жасайм деген иштердин көбүнүн өтөөсүнө чыктым. Укук коргоочулукка арналган 30 жылдык өмүрүм митинг, демонстрация, революцияга бай болду. Айтор, кырдаал кыйын болгон улуттар аралык жаңжал болгон мамлекеттерге да бардым. Демократиянын арты менен Кыргызстанга, дүйнөлүк коомчулукка таанылдым. Укук коргоочулардын аракети менен Кыргызстан “Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы” деген атка конду. Кагылып согулуп, кыйнычылык көрсөм да укук коргоочулуктан дос көп таптым.

– Балдарыңыз ата кесиби ардактуу деп сиздин суйүктүү кесибиңизди тандаштыбы?

– Үч уулум бар. Бирок, алар тырмактайынан менин тарткан азаптарымды кошо көрүшүп, жүрөктөрү түшүп калган. Ал тургай бир уулумду мага өчөшкөн белгисиз адамдар башка чаап кеткен, жарым саат өзүнө келе албай калган күндөрдү баштан кечиришкен. Апасы менен кошо 15 күндөп ыйлап, турушкан мени уурдап кеткенде. Ошон үчүн башка тармакты тандашып, саясаттан оолак болушту.

– Сиз табиятыңыздан эле укук коргоочулук тармакка жөндөмдүү болдуңузбу же сизди бирөө жарым ушул жолго салдыбы?

– Мен бала кезимден пионер болдум, коммунисттик идеяга сугарылып чоңойдум. Кычандын чындыкты туу туткан, чындык үчүн күрөшкөн образы менен жашадым. Ошон үчүнбү, көп учурда атама оппозиция болуп, аз-маз пайда көрөйүн десе да каршы чыккан күндөрүм болду. Атам уй кайтарчу. Уйларды эт комбинатка айдап баратканда, чоңун, кичинесине алмаштырам дегенине каршы чыгып, тоскоолдук жаратчумун. Мектепте да, жогорку окуу жайда да чындык үчүн күрөшүп, классташ, группалаштарымдын укугун коргочумун. Бир сапар бир группалашымды кеч келгени үчүн немис мугалими “кой” деп тилдеди. “Неге койго теңейсиң. Сен “кой” деп мунун абийирине, ар-намысына шек келтирдиң” – деп, окуудан чыгып кала жаздагам. Кудай жалгап, мени окуудан чыгарыш үчүн мугалимдер добушка койгондо бир мугалим мага ашыкча добуш бере коюп, окуудан кубулбай калгам. Кыскасы, мугалимдерге каяша сүйлөбөй турган заманда дагы адам укугун коргоп, студенттер арасында атагым алыска чыккан.

Менин укук коргоочулук жылдарым 1989-жылга туура келди. Ал кезде малдын укугунан да, адамдын укугу төмөн турчу. 1989-жылдары союз мезгилинде адам укугу боюнча маселелерди көтөрүп, “Ашар” кыймылын, КДКны түздүк. Жыйынтыгында, канчалаган адамдар өз укугу үчүн күрөшүп, жерге ээ болушту. КДКнын ичинде адам укугу комитетин түзүп, бир топ иш алып бардык. Кыскасы, адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деген терминдерди Кыргызстандын тарыхына киргизип, 90-жылы орун алган Ош окуясында 100дөгөн күнөөсүз балдардын укугун коргодук. Ал тургай парламенттик шайлоодо шайлоочулардын укугун коргоп, Тынчтыкбек Чоротегин, Топчубек Тургуналиев болуп, түрдүү акцияларды уюштуруп, шайлоочулардын укугун коргоп, элге туура багыт берүүгө аракет кылдык. Шайлоо, референдум дегендин баарына активдүү катыштык. Аксы окуясы болгондо үч айга чукул нааразычылык акцияларын уюштурдук. Укук коргоочулар Кыргызстандын тарыхында кала турган чоң иштерге салым коштук. Эки революцияга тең лидерлерге караганда, укук коргоочулардын салым чоң болду. Укук коргоочулук кесиптин арты менен Акыйкатчы, президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы болдум. Кыскасы, менин укук коргоочулук жолумду жолдоп, Азиза Абдурасулова, Төлөйкан Исмаилова, Эдил Байсалов баштаган адамдар укук коргоо маселелерин көтөрүп, укук коргоо уюмдарын түзүштү. 2010-жылы Акыйкатчы институту көз карандысыз комиссия түзүүнүн аракетин көрдүк. Эң негизгиси, укук коргоочулар азыр да негизги ролду ойноп келе жатышат. Кудай буюрса, күзгө чукул адам укугу кыймылынын 30 жылдыгын утурлай мамлекеттик деңгээлдеги форум өткөрсөкпү деген демилге көтөрүп, жогору жакка кайрылып жатам.

– 60 жашты салтанаттуу түрдө белгилөө планыңызда барбы?

– Атайылап чоң салтанат деле кылбайм. Бирок, үй бүлөм менен 18-июлда белгилейм. Күзгө чукул каражат табылып калса, 60 жашыма арнап, басып өткөн жолум боюнча китеп чыгарам. Ыңгайы келсе, шарт болуп калса, 30 жылдан бери чогуу жүргөн укук коргоочуларды, демократтарды, саясатчыларды чакырып, чакан кылып белгилөөнү максат кылып жатам.

– Кудай кайра жаратса кайсыл кесипти тандайт элеңиз?

– Укук коргоочулукту да аркаласам керек. Ошондой эле жазуучу болууга да дилгирленмекмин. Анткени, бала кезден кыялданган жазуучу болсом деген максатыма жете албай калдым. Чыңгыз Айтматов бүткөн окууну аяктаганым менен мен анын жолун жолдой алган жокмун. Ар бир адамдын шыгы, жөндөмүнө жараша кесипке ээ болот экен. Мен эмнегедир укук коргоочулук жакка ыктап кеттим. Болбосо 17 жашымда көптү билген, улуттун уңгусу болгон адамдар менен баарлашып, Кыргызстандын тарыхын, санжырасын жаздырчумун. Кийин КДКга кирип, адам укугу тарапка ыктап кеткенимде баштагыдай тарыхты иликтеп, санжырага маани бере албай калдым. Буюрса ал ишимди кайра баштап, көргөн, билгенимди жазып, кийинки муундарга калтырып кетсем деген тилегим бар. Анткени, биздин тукум жазганга шыктуу. Бир туугандарымдын баары сүйлөй да, жаза да алган, комузда кол ойнотуп, Манас айткан адамдар. Эгер сөз эркиндигин, адам укугун коргобогондо балким мен да колума комуз алып, акын, чыгармачыл адам болуп кетмектирмин.

-Укук коргоочулар адамдарды ылгап коргош керекпи же “адам укугу бузулду” деп кылмышкер экенине карабай колдоо шартпы?

– Карапайым адамдардын укугун коргогон укук коргоочулар да бар. Ошондой эле коррупционерлердин укугун коргогондор, алар адвокат болуп алгандары да бар.

– Батукаевдин бошотулушуна садага чабылганыңызга өкүнөсузбү?

– Батукаевди мен жалгыз чыгарып жиберишкенсип сүрөттөштү эле. Эми кантип, кимдин жардамы менен чыгып кеткени ачыкка чыга баштады. “Ак ийилет бирок, сынбайт” дегендей, менин тиешем болбогону байкала баштады. Кудайдын мунусуна да шүгүр.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *