Турсунбек Акун, КДКнын ана башы: “Биз кийинки президенттикке Текебаевди тандадык, буга чейин 3 жолу жаңылдык, жетет да эми…”

-Турсунбек мырза, «КДКнын конференциясы болот» деп чамынып аттыңар эле, эмне болду?

-Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын конференциясы болду. Эмнеге КДК дебейсиңерби, анткени, КДК – демократиялык кыймылдын атасы. Ушу кыймылдын аркасы менен Кыргызстанга «демократия» де­ген түшүнүк кирген. Келерки жылкы президенттик ат чабышка өзүбүздүн талапкерлигибизди сунуштап, талкуу кылып, бир чечимге келдик.

-Талапкериңер ким болду?

– КДКнын ана башчысы катары кезексиз чогулган конференциянын делегаттарына мен Өмүрбек Текебаевди сунуштадым.

-Эмнеге Текебаев?

– Биз «ичип-жебеген», алдым-жуттум эмес, Айдар, Максим менен дос болуп жүрбөгөн, тек гана өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө койгон көпөстөрдөң эмес, мамлекет үчүн жан үрөгөнгө та за, такшалган саясатчы катары Өмүрбек Чиркешовичти тандап алдык. Биз үч жолу жаңылдык. Жетет да эми…

-КДК опасный элеңер, кимди колдосоңор жеңип кетчү, же андай эмеспи?

-Ошондой. Эгемендик алган жылдардан бери биздин КДК кимди тан­дап, кимге багыт алсак, өзүң айткандай, жеңиш биздики болуп келген. Тарых мындай нерсени бир нече ирет тастыктаган. Бул коркутуу-үркүтүү эмес. Жөн гана айтып коюу парз.

-Конференцияда Текебаев өзү болдубу?

-Өзү болгон жок, бирок, кабардар кылып койдум.

Булак: “Азия ньюс”

4 comments

  • арапбек says:

    ураа-аа-а-а!!!!!! Эн туура чечим, Омурбек Чиркешовичке тетири ойлогондордун ысык башы салкындап, эстерине келип, элдин О.Текебаевди колдоп кетишин алладан суранам!

  • Курманбек Ниязбеков says:

    Өмүрбек Чиркешович мамлекеттин көйгөйүн терең түшүнгөн, саясий маданияты жогору кадр болуп бышып жетти. Журт башы болгонго мезгил келди деп ойлойм. Ушул кишиден үмүт чоң.

  • Райымбек Усупжанов says:

    Менимче, жаш, таза, элдин камын ойлогон инсандар бийликке келмейинче оңолбойбуз. Мародер,элдин эсебинен байыган кишилерди бийликке түртпөй, жаштарды колдойлу

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *