Турсунбек Акун: Жээнбековго колумдан келишинче жардам бергем, бирок ал милдеттеме алган эмес

– Турсунбек мырза, премьер-министрдин кабыл алуусунда болупсуз. Кайсыл маселелердин алкагында сүйлөштүңөр?

– Премьер-министрдин кабыл алуусунда болгонумда “Учкун” деген жаңы конушта 2003-жылы үй салууга жер бөлүнүп, элдер отурукташып калгандан кийин тагыраак айтканда, 15 жылдан кийин жер туура эмес берилген деген шылтоо менен Сокулук райондук прокуратурасы кылыш ишин козгогон. Мына ушул маселени көз жаздымда калтырбай, “үй-жай куруп, отурукташып калгандардын маселесин чечип бериңиз”- деп кайрылдым. Ошондой эле Москва районунда Жизактан келген кыргыздар бар. Эмнегедир ошолорго бериле турган 6 гектар жерди трансформация кылынбай, убакытты созуп келе жатышат. Премьер-министрден ушул маселени да көңүл борборуңузга алып, “чечип бериңиз” деп өтүндүм. Ал киши “чечкенге аракет кылам, көз жаздымда калтырбайм”- деди.

-Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы боюнча кандай пикирдесиз?

– Молдомуса Конгантиев 2010-жылдын апрель айында таластыктарды маскаралап, элдин аброюна шек келтирген сөздөрдү айтканы чын. Ал тургай 6-7-апрелдеги окуяны күчөтүп жиберген да, революциянын болушуна, адамдардын өлүмүнө себепкер да болгон кишилердин бири ушул Конгантиев. Бирок, ал ошол мезгилде өз жазасын алган. Таластыктар Конгантиевден кем эмес, анын аброюна шек келтирип, жаман абалга кептеп коюшкан. Конгантиевдин ишинин кыскартылганын азыр ар ким ар кандай божомолдоп, анын акталышын президентке байлап жатышат. Чынында ал маселе үчүн президент эмес, Конгантиевдин ишин кыскарткан прокурор жооп бериши керек. Анткени, Жээнбековдун бийлиги мурунку бийликтен айырмаланып, сот, прокуратурага кийлигишпөө маданиятын көрсөтүп жатат. Ошон үчүн Конгантиевди президент эмес, прокурор ишин кыскарткан. Анын ишинин кыскарышын шайлоо мезгилинде Конгантиев Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөнүнө байлабашыбыз керек. Мен деле Сооронбай Жээнбековго колумдан келишинче жардам бергем, бирок президент милдеттеме алган эмес. Конгантиев деле мендей эле позицияда болуп, президент менен эч бир милдеттемеси жок кол-кабыш кылды деп ойлойм.

Барынан кызыгы, аттуу-баштуу адамдардын баары Сооронбай Жээнбеков Конгантиевди актатып жибергендей кабылдашып, “укуктук баа берилсин” деп талап кыла башташты. Сооронбай Жээнбеков элдин талабын эске алып, Башкы прокурорго тапшырма берди.

– Албек Ибраимов кызматтан депутаттардын ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнүн айынан кетти. Ал кандай иштеди?

– Албек буга чейин деле мэрликтен кетиши керек болчу. Анткени, ал башында эле ээрге кыйшык отурган. Мурдагы президенттин ишенимдүү адамы болгон үчүн ойдо жок жерден татыксыз болсо да мэр болуп иштеп калган. Албек Ибраимов өзүн кызматтан кеткенин саясатка байлап, өзүн саясаттын курмандыгы болгондой сезбеши керек. Себеби, команда келип, команда кеткенин түшүнүшү керек. Кыйратпаса дагы Кулматовго караганда мыкты иштеди. Бирок, көчөлөрдү оңдотту дегенибиз менен өзүнүн гана фирмасын иштетиптир. Айтор, эмне иш кылса да, өз көмөчүнө күл тартыптыр.

Аны кызматтан кетирүүдө мага бир нерсе жаккан жок. Шаардык кеңештин депутаттары да калыстыктан тайды. Мурунку президенттин убагында “кың”- дебей бир добуштан колдосо, азыркы президенттин тушунда бир добуштан кызматтан кетирип, бир жактуулукка жол берип коюшту. Өзү да тоого чыгып кеткем дебей ошол жыйынга катышса болмок. Анын жаман жагын эле айтышпа, жакшы жагын да айтып, анан кызматтан кетирсе адилеттүү болмок. Орун басарлары камалып жатса, өзүнө кылмыш иши козголуп атса, өзүнө өзү эс алуу жарыялабай иштеши керек болчу. Азыр эс ала турган эмес, иштей турган мезгил.

– Сооронбай Шарипович Таласка барганда ротация маселесин көтөрдү. Ал канчалык деңгээлде облустарды өнүктүрүүгө, коррупцияны кыскартууга салым кошо алат. Анткени, ротацияга жамынып алып, иш билгилердин баарын сүргүнгө айдаган жагдай жаралып калбайбы?

– Ротация өзүнүн жемишин Союз мезгилинде, Акаевдин мезгилинде жакшы жагынан жемишин берип келген. Сооронбай Шарипович мына ошол ыкманы колго алайын деген чечимге келиптир. Ал тургай биринчи ротацияны укук коргоо органдарынан баштаарын айтты. Чын эле укук коргоо органдарын ротация кылыш керек тамырлап кеткенин ротациянын шылтоосу менен тамырын кыркыш керек. Мүмкүн кутула жаздаш үчүн Нарынга, Баткенге айдап жиберген жагдайлар да болсо керек. Бирок, ротацияны туура көзөмөлдөсө азыр да жемишин берет деп ойлойм.

– Бүгүн 59 жашка чыгыпсыз. Эмнеге жетиштиңиз?

– Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Кыргызстанга демократиялык укуктук коомду курууга өз салымымды коштум. 25-30 жаштагы жаштар коммунисттик партиянын режимин кулаттык. 30 жылдан бери адам укугу, сөз эркиндиги, граждандык коом, демократия деп демократиянын туусун көтөрүп келе жатам. Кыргызстанда эркин шайлоого, сөз эркиндигинин болушуна өз салымымды кошуп келдим. Биздин аракетибиз менен Кыргызстан укуктук демократиянын жолуна түштү 30 жыл ичинде 120 миңден ашуун адамдын укугун коргодум. Канчалаган адамды түрмөдөн бошотуп, өлүмдөн алып калдык. Дүйнөнүн 53 мамлекетине бардым. КМШ мамлекетинин ичиндеги 25 укук коргоочунун катарына кирдим. Кыргыз энциклопедиясына биринчи укук коргоочу деп менин фамилиямды киргизишти. 59 жашка чыкканча мына ушундай ийгиликтерге жеттим. Эң негизгиси демократияга салымымды коштум. Менин өмүрүм текке кеткен жок. Элиме арналды. Өткөн өмүрүмө өкүнбөйм. Жараткан мени тубаса укук коргоочу кылып жаратыптыр. Кызматым болсо да, болбосо да элдин укугун коргоп, ыйлагандардын көз жашын аарчып келе жатам. Ушундай тагдыр ыроологон Жаратканга ыраазымын.

Булак: Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *