Түштүк Кореяда өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын курама командасы мыкты жетишкендиктерди көрсөттү

Кечээ, 4-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде 30 августтан бери Чунгджу шаарында ɵтүп жаткан Дүйнɵлүк мушташ кɵркɵмчүлүгүнүн чемпионатынын жеңүүчүлɵрүн жана Кыргызстандын курама командасын куттуктоо аземи болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо сɵзүндɵ Элчи Динара Кемелова мелдештин катышуучуларынын духун, чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Спорт чеберлери ɵзүлɵрүнүн жеңиштери менен Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап жатканын айтып, терең ыраазычылык билдирди жана мындан башка дагы кɵптɵгɵн жетишкендиктерди каалады.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссиясы тɵмɵнкү чемпиондорду жеңиштери менен куттуктады:

– Нагира Сарбашова (2 эки алтын медаль);
– Мадаминбек Шаршеналы (алтын медаль);
– Эралиев Мирлан (алтын медаль);
– Нурзат Бактыяр кызы (күмүш медаль);
– Камолиддин Абдурахимов (күмүш медаль);
– Элзада Момунжанова (коло медаль);
– Элдияр Сексенбаев (2 коло медаль).

Элчиликтин жамааты сый тамак уюштуруп жеңүүчүлɵргɵ ɵзүнүн чакан белектерин тапшырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *