Тууганбай Конурбаев: Илмиянов иштеп турганда эч ким каршы сөз айта алган эмес. Кетээри менен артынан жамандагандар көбөйдү

Өлкөбүз эгемен болгону бийлик башына келген аткаминерлер мансапкор-абийирсиз болуп, улам келген жаңы бийлик “эл малекет үчүн таза иштейбиз!” – деген ураанды туу тутунуп алышып,иш жүзүндө теңирдентетири иштеп жаткандары эрөөн-терөөн деле болбой калды. Анын кесепети бүгүнкү өлкөбүздү таз кебете кийген абалга кептеп, адамдардын турмуш-шартынын кескин нанарлашына алып келди. Мындай шарпа өлкөнүн билим берүү, илим тармагы албетте. жыргап кетпегени жалпыга маалым. Андыктан бүгүнкү кепти илим, билим маселеси, дегеле мамлекепеги жүрүп жаткан саясапын күңгөй-тескейи туурасында эп көрүп, өзүнүн курч, олуттуу ой-пикирлери аркылуу коомчулукка таанымал инсан, И.Арабаев атындагы КМУнун проректору, лсихология илимдеринин кандидаты, профессор Тууганбай Конурбаевди кепке тартып, окурмандарга сунуштамакчыбыз.

– Тууганбай Абдырахманович, илимпоз катары айтсаңыз, Кыргызстанда илим, билим маселеси олуттуу орунда турат. Бул илим-билимиң болгон чакта гана жаркын жашоого жетээрибиздин белгиси эмеспи. Бизде бул тармакты өнүктүрүүгө шарттар түзүлүп жатабы?

– Өтө олуттуу суроо экен. Мамлекеттин өнүгүшүндө илим, билимдин ролу чоң экени жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып келатат, чындыгында иштин нугу ушундай. А турмуш башкача көрсөтүп жатат. Айрыкча, союз жоюлгандан кийин, 1990-жылдардын башталышында, союздун курамындагы мамлекеттер эгемендүүлүккө жетиштик деген ураандын негизинде ар бири өзүнчө жол түптөгөн учурлар бул жаатка бир топ таасирин тийгизди. Биздин мамлекетте ошол жылдары илим-билимге эмес, саясатка басым жасалганы маалым. Ушул убакка чейин андагы кемчиликтер мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келатат. Себеби, билим берүү жаатында башаламандык болду, сапатсыз билим берүү көбөйдү. Эл арасында “жогорку окуу жайлары сапатсыз кадрларды даярдоодо”-деген нааразычылыктар да айтылды. Бирок, убакыттын өтүшү менен анын баары жоюла баштады: 2010-жылдан тартып оң жолго акырындык менен түшүп келатат. Бирок, мында деле кемчиликтер жок эмес. Анын бири, реформа кылабыз деген ураандын алдында башкача көз караштар пайда болду. Реформаны мамлекеттик деңгээлде эмес, өз деңгээлинде түшүнгөн айрым адамдар пайда болду. Тарыхый булактар бир саясатчынын, же депутаттын тапшырмасы менен иликтенип, тарых китептери жазылды. Жаман жери, ошол иликтенген тарых тапшырма берип, жаздырып жаткан адамдын жеке кызыкчылыгына багытталды. Мунун баары илимдеги башаламандыкка алып келди. Ошондуктан, тарых мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөнүүгө тийиш.

Биздин эл негизи жаңычылдыкка умтулган, жаңы нерсени тез өздөштүргөн жөндөмгө ээ. Мисалы, компьютердин биз-ге келгенине башка, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу аз эле жыл болду. Бирок, бизде азыр бул тармактагы дүйнөлүк адистерге  билим жагынан атаандашкан уул-кыздарыбыз көп. Саясатты да абдан жакшы өздөштүрүп алдык. Эгерде, элге туура багыт берип, түз жолго жетелеген бирөө болсо, мамлекети-биз тез эле өнүгүп кетээрине ише-нем. Элдин илим, билимден башка таянаары жок. Муну мамлекет же-текчилери да эске түйүп койсо дейт элем. Биз келечек муунга сапаттуу билим берүү, илим жаатындагы ырааттуулук, мээнеткечтик менен гана максатыбызга жете алабыз.

– Россиплык көз карандысыз уюмдар плагиаттык жол менен илимдин кандидаты, доктору 6олууга жетишкен чиновниктерди ачыктады. Бизде да ушул эле көйгөйдүн бар экени айтылууда. Ошондо, биз илимий жаатты ылдыйга түшүрүп, докторлук наам алууну оңойлоштуруп салдыкпы?

– Бул туура суроо. 1990-жылдарга чейин бизде илимди жактоо мүмкүн эмес болчу. Илимдин кандидаты, доктору болууну көздөгөндөр илимий ишин башка өлкөлөргө барып жактап келишчү. Эгемендүүлүк алгандан кийин өз жерибизде эле коргоп баштадык. Бул нерсе саясатта жүрүп, депутат болгон айрымдардын да илимди жактоого кызыгуусун арбытты окшойт. Илим менен кабары жок эле, башка тармакты аркалап жүргөндөр капысынан илимпоз болуп чыга келген учурлар жок эмес. Бүгүн кандитаттыгын жактап, эртең докторлук наам алгандар да табылат. Муну жолго салууга аракет кылып, Жогорку аттестациялык комиссияда антиплагиат программасын киргиздик. Мамлекет да бир топ тоскоолдуктарды койду: саясатта жүрүп, илимге аралашкан туура эмес деген чакырыктар ташталууда. Бирок, илимге кызыгуу туура, 1995-жылдары аспирантурага эч ким тапшырбай калган. Ошондо, ушуну менен илимге кызыккандар жок болуп калабы деп санааркаганбыз. Тилекке жараша, ал убак өттү, акыркы убакта бул жаатка аралашууну каалагандардын катары артты. Эл жөн отурбайт, саясатты байкап турушат. Мисалы, мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлгөндөн кийин, азыр мугалимдик адистикке тапшыргандардын саны көбөйдү. Ошондуктан, биринчи кезекте саясатты туура жүргүзүү кажет. Ал эми сиз айтып жаткан, плагиаттык иштер менен илимпоз болууга умтулгандарды трагедияга айлантпай коюу деле туура. Анткени, кимдин ким экенин эл карап отурат. Ким өмүрүн илимге арнаган адам, ким башка жээкте жүрүп эле, бүгүн илимий наам ала койду – калктын көз кыйыгында калбайт. Плагиаттык иш менен ийгиликке жетишкен адам бүгүн барктуу болсо болоттур, бирок, эртең абройун жоготот. Жасалма нерсе түбөлүктүү болбойт эмеспи. Андыктан, бул плагиат деп эле камап, же йлимден четтетип салуу менен маселени чече албайбыз. Баарын убакыт өз ордуна коет.

– Икрамжан Илмияновду да “эч кандай окуу жайды аяктабаптыр, Арабаев институтунда окуду кыяз кылып, диплом алыптыр”- деген кеп тарады эле. Анын чын-жалганын сизден билели?

– Илмиянов мамлекеттик кызматта иштеп турганда анын билим алганы боюнча бизге кагаз келген. Чындыкты айтуу керек да. Мени таң калтырган нерсе: ал иштеп турганда эч ким каршы сөз айта алган эмес. Кетээри менен артынан жамандагандар көбөйдү. Бул да болсо саясаттын бир жаман көрүнүшү. Илмиянов биздеги Экономика институтун бүткөн, окуганы боюнча фактылар бар.

– Эгемендүүлүк алгандан бери төрт президент алмаштырдык. Бирок, мамлекетте алдыга жылуу байкалбагандай, эл мурдагыдай эле өз жашоосун өзү өнүктүрүп жатат. А сизге мамлекеттик деңгээлдеги жылыш байкалуудабы?

– Мен дагы Кыргызстандын жаранымын, эгемендүүлүк алгандан берки жылдарда ушул толкунда эл менен кошо жүрөм. Элдин саясатка болгон ишеними мурдагыдай эле, анчалык артып кеткен жок. Эл бийликте отурган адамдарды башкача кабыл алат, аны бийликтегилер эске алып коюуга тийиш. Жакында Казакстанга барып келдим, аларда деле көп нерселерге муктаждык бар, бирок, Назарбаевдин жасаган иштерине абай салсаң, реалдуу өнүгүүлөр болуп жатканына ынанасың. Биздин мурдагы президенттердин алган сыйлыктары кайда болду экен, а Назарбаев ушул убакка чейин алган сыйлыктарын, өзү тууралуу жазылган жана өзү жазган китептерди атайын имаратка коюп коюптур. Аны көрүп, жылуу пикир жаралат. Албетте, Казактан биздегидей демократияга муктаж. Биз кайсы бир маселени коом алдына ачык айтып чыгып, бийликке жеткире алабыз, анын чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк алабыз. Оюубузду эркин айтабыз, аны бийлик угабы, же укпайбы, алардын маселеси, а биз эркин айтуу менен кетирген кемчиликтерибиздин анча – мынчасын болсо да оңдойбуз. Катуу кармап, башка режим менен кеткен коңшу мамлекеттер бизге караганда өнүгүп жатканы чын, бирок, алар деле кайсы бир жылдары кайрадан биз азыр келаткан жолго түшөөрү шексиз. Анткени, адамзатка биринчи кезекте эркиндик кымбат.

– Бул өтө татаал саясий суроо экен. Ошентсе да, өз оюмду айтайын. Убагында эл Атамбаевге да ишенген, сүйлөгөн сөзүн кубатташып, “бизди туура жолго баштап баратат”- деп үмүт кылышкан. Адам канчалык кууланбасын, жакшы сөз сүйлөп башкаларды жибитүүгө аракеттенбесин, кокус калпыстык кетирип алса, анысы оркойуп көрүнүп калат. Бишкек ЖЭБиндеги иштер кийин чубалып чыкты го, бир кычкачтын баасы 600 доллар экен. Башканы айтпайлы, кычкач менен эле кыштын күнү ЖЭБ жарылып, шаардыктар суукта калышканы үчүн эле жоопкерчиликке айыптуулар тартылышы ке-рек. Атамбаев “мен кылдым”- деп моюнуна алса, кол тийбестиги алынышы керек. Түштүк Кореяда бул мурдагы президент эле деген ырайым кылуу жок, бийликте от-урган учурунда кылмыш кылдыбы, камалат. Ар бийлик өзү баштаган жолдун курмандыгы болот. Акаев демократияны түптөдү, өзү анын жеми болду. Бакиев үй-бүлөлүк бийликке жол салды, анын жемине айланды. Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жарыялады, акырында анын жеми болуп отурат. Бирди айтканы менен жасаганы башка экени кылган иштеринин жыйынтыгынан белгилүү болуп жатпайбы. Эгер, өзү жана азыр коргоп жаткан кадрлары таза болсо, анда мындай иштер да болбойт эле да.

– Коррупцияга каршы күрөш боюнча айтылганы менен максатына жетпей жатат деген пикирлер жаралууда. Коррупция менен шектелип кармалгандардын ак-карасы аныктапып, элге жарыя кылынбаганы да бүдөмүк ойлорду жаратууда?

– Бул сот кызматкерлеринин жоопкерчилиги. Соттор бир гана мыйзамга баш ийгенди үйрөнүп, кокус саясий заказ болсо, мен муну аткара албайм деп баш тартууга эрктерин жеткириши керек. Саясий заказ менен эле чечим чыга берсе, анда сот, прокурордун эмне кереги бар? Алардын милдетин бир адамга эле берип койбойлубу? Адам күнөөсү болгондо гана камалышы керек, а башка анын ким менен каршы экени, кимге жакпай калганы сотторду кызыктырбай калганда гана биз азыр кыйкырып жаткан укуктук өлкө орнойт. Азыр коррупция менен шектелип отургандар сот тарабынан бир жагына аныкталып чыга элек. Менимче, ак-карасын тастыктаган маалыматтар тергөө кызыкчылыгынан улам жарыяланбай жатса керек. Булардын иши бир нече жылдык, бир нече томдук болуп кетсе керек. Элге баары шардана боло турган да учур келет.

– Азыр баары эле кызматка келгиче “мен тазамын, мен мамлекет үчүн иштейм”- деп кыйкырат. Анан көздөгөн кызматына бараары менен үнү чыкпай отуруп калып жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?

– Чын эле таза адам кызматка келип жаткандыр, анан аны система бузуп салышы да мүмкүн да. Алардын жанында жүрбөгөндөн кийин эмнеге кечээ кыйкырып, бүгүн унчуга албай калганын айтыш кыйын. Негизи, Кыргызстанды 30-40 адам эле айланып – тегеренип башкарып жатканы белгилүү. Бирок, бир гана нерсени айта алам: таза адам кайсы жерге барбасын таза бойдон сакталат, таза эмес кайда болбосун тазара албайт.

Абдурахим Нарбаев

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *