Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Түзүлгөн Координациялык кеңешти Адахан Мадумаров жетектейт
Саясат

Түзүлгөн Координациялык кеңешти Адахан Мадумаров жетектейт

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдө түзүлгөн Координациялык кеңешти жетектейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымы боюнча, бүгүн 8 саясий партиянын лидерлери чогулуп кеңеш түзүштү. Учурда аларды кызмат бөлүштүрүү кызыктырбай турганын, алгач элдин коопсуздугу камсыздалышы керектиги айтылды.

“Эртең ким премьер-министр, вице-премьер-министр, же ким кайсы министрликке жетекчи болору маанилүү эмес. Бүгүн эл көчөгө эч коркпостон көчөгө чыгуусуна шарт түзүлүшү керек. Бүгүнкү күндө бийликке эч ким жулунбаганын баса белгилеп айтам” – деди Мадумаров.

“Сооронбай Жээнбеков же Асылбек Жээнбеков менен байланыштыңыздарбы?” деген суроого Мадумаров “жок” деп жооп берди.

Пресс-конференцияда Садыр Жапаров, Руслан Казакбаев, Равшан Жээнбеков, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Жеңиш Молдокматов жана Жанар Акаев катышты.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт