ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелектин үн тыңшагычтагы толук сөзү

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук иштин материалдарынын көчүрмөсүн Tazabek басылмасына берген.

Кечээ, 24-февралда далилдерди иликтөөдө судья Ирина Воронцова айыпталуучу Сапар Исаковдун суранычы менен ТВЕАнын өкүлү Мусажан Макелектин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында таанышы менен сүйлөшкөн үн тыңшагычтагы сөздөрүн окуган.

Берилген документтерге ылайык, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго, Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Мусажан Макелекке карата 2018-жылдын 8-августунан 8-октябрына чейин (эки ай) видео-аудио жабдууларды пайдалануу менен жашыруун угуу жана сүйлөшүүлөрдү жаздырууга уруксаат алуу үчүн Бишкектеги Биринчимай райондук сотуна арыз берилген.

УКМК ККК, ТИЗО, жана УКМКнын 3-кызматына жаздыруу жана контролдоо буйругу берилген.

Үн тыңшагычтагы сүйлөшүүлөрдө үч адам сүйлөшкөнү жазылган. Негизинен көбүрөөк эки эле адам сүйлөшкөн. 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *