Тынчтык Шайназаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Элди нааразычылыкка түртүп тополоң кылуу менен бийликти кетирүүгө күчтөр бар”

– Тынчтык мырза, курултайчылар 24-ноябрга чейин өлкөдө референдум өткөрүүнү сунушташты. Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык барбы?

– Конституция – өлкөнүн негизги мыйзамы. Улам өзгөртө бергидей ал оюнчук эмес. Президент баш болуп «парламенттик республика болсун» деп жатса, Конституцияда ошол мүмкүнчүлүк турса, анан дагы өзгөртүүгө эч кандай зарылчылык жок менимче. Жөндөн-жөн чыга калып, «өзгөртүлсүн» деген жосунсуз талап акылга да сыйбайт. Кайсы жерин кантип өзгөртүү керек, конкреттүү, аргументтүү, так сунуштар болуш керек. «2020-жылга чейин Башмыйзам өзгөрбөсүн» деген мораторий киргизилгенине карабай, 2016-жылы өзгөртүлдү. Андагы өзгөртүүгө мен жана бир нече депутаттар каршы добуш бергенбиз. Көпчүлүк добуш менен өтүп кеткен. «27 жылдык мамлекетгүүлүк тарыхы бар өлкө он жолу Башмыйзамын өзгөрттү» деген эмне деген нерсе?!

– «17-январда чоң митинг болот» деген жарыя тарап жатат. Эмне болушу мүмкүн, кооптуу күнгө жеттикпи?

– Биздеги кытай жарандарына каршы митингге чыгышарын угуп жатабыз. «Кытай жарандары өлкөдөн чыгарылсын, ал жакта биздин боордошторду кыйнап жатышат» деген мааниде. Бул туура эмес. Мен буга кошулбайм. Кандай гана маселе болбосун, эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык жол менен чечилиш керек. Кытай же башка мамлекетгер биздин ички маселелерге аралашпайт да. Мисалы, 2010-жылы Ошто улуттар аралык жаңжал болду. Жаныбызда 30 млн. калкы бар Өзбекстан турат. Бирок, сабырдуулук кылышты да, «кой, булардын ички иштерине кийлигишпейли, өздөрү чечишсин» деген позицияны карманышты. Бул өтө оор маселе да. Сөз жок, Кытайда жашаган боордошторубуздун абалын түшүнүп турам. Бирок, кырдаалды кылдат такташ керек да. Ал жерде геноцид кылып кырып атса, анда башка маселе эле. Түркия унчуккан жок, Россия, Европа унчуккан жок. Анан биз чыга калып эле «кытайларды кууйлу» дегенибиз туура эмес болот.

– Казак кошуналар дипломатия жолу менен эки миңдей кандашын чыгарууга жетишти. Ошондой иштерди биз деле кылсак болбойбу?

– Ошону кылыш керек. Дипломатия деген ошол да. Сүйлөшүп, ар кандай маселени келишсе болот.

– Бул акциялардын артында ким турат деп ойлойсуз?

– Саясатчылар турат да. «Булар турат» деп аттарын атай албайм, бирок саясатчылар турары айдан ачык. Кытай – дүйнөдөгү ири экономикалык өлкө. «Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси бузулсун, достугу токтосун, бийлик, эл кыйналса, анан эл нааразы болуп чыкса, тополоң болсо, бийлик кетсе» деген кызыкчылыгы бар күчтөр бар. Дал ошолор турат бул акциялардын артында.

– Мурдагы президент Атамбаев башка күчтөр менен биригип, азыркы бийликке олку-солкулук жаратышы ыктымалбы?

– Толук мүмкүн. Сезилип эле турат ал нерсе. Өкмөттүн дагы бир кемчилиги – элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагынан алсыз болуп жатат.

– Жакында өкмөт кетеби?

– Бүгүнкү күндө өкмөттү кетирүүгө негиз көрбөй турам. Бирок, бизде өкмөт тез-тез алмашып, адатка айланып калды. Кетирип, башкасын алып келе калуу таңкалтыра турган деле иш болбой калды. Өкмөт шайландыбы, аягына чейин иштетиш керек.

– Эки жыл мурун Дача-СУга кулаган жүктүн ээси табылабы?

– Жүктүн ээси табылбаганы – Кыргызстан үчүн уят иш. 39 адам каза болду. Жакындарынан айрылгандардын көкүрөгүндөгү суроого жооп жок. Алар так жооп алышса, бир аз болсо дагы көксөөлөрү сууйт эле, жеңилдейт эле. Жүктүн ээси табылмайынча, иликтөө токтобошу керек, каргашанын күнөөкөрү табылыш керек.

– Түкүрүк мыйзамы боюнча нааразылыктар алиге дейре басылбай жатат. Бул мыйзам кайра каралабы? Айыппулдун суммасы арзандайбы?

– Каралат, өкмөт ошондой сунуш берип жатат. Менимче, Жогорку Кеңеш колдоп берет. Өзү негизинен бул мыйзам туура болчу. Бирок, 5500 сомду миң сом кылып арзандатып койсо, эл «эми туура болду» дебейт да. «Миң сом айып пул төлөдүк, ушундан кийин Бишкек гүлдөп, тазарып кетеби?» деген суроо кала берет. Ан үчүн баарыбыз биргелешип, ал маселени кабыл алышыбыз керек. Маданияттуулукка үндөгөн, жетелеген мыйзамдын иштешине баарыбыз салым кошушубуз зарыл. Бир жыл болбосо да 5-10 жылда эч ким түкүрбөй калат. Процесс бир күндө чечилбейт го. Ошондой болсо да, аң-сезимге оң таасир орнойт.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак:  «Ачык сөз»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *