Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу консулу Эндре Эрдошко консулдук патент тапшырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 19-сентябрда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Эндре Эрдошко консулдук патент тапшырды. Ушул учурдан баштап, Эндре Эрдош Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Ардактуу консулу кызматына  расмий киришти. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр ѳлкѳлѳрдүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чѳйрѳлөрдѳгү эки тараптуу кызматташтыкты күчѳтүү зарылчылыгын, ошону менен бирге Венгрияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп, анын маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *