Тышкы иштер министринин орун басары Э.Кайкиев Француз Республикасынын сенаторлор делегациясы менен жолугушту

2017-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев Француз Республикасынын сенаторлор делегациясы – Иво Поццо ди Борго, Кристоф Андре Фрасса жана Андре Рейшар менен жолугушту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын ички саясий абал, алдадагы президентти шайлоо, Таза-Коом долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-француз мамилесинин учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Инвестиция тартуу, аймактагы терроризм менен күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мындан ары да ар түрдүү багыттарда кызматташууга жана саясий диалогду тереңдетүүгө ниеттенгендиктерин билдиришти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *