Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаевге тизгинсиз суроо?

Урматтуу Эмил Саламатович, кечээ күнү “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө барып көп нерсени документтер менен далилдедиңиз. Роза Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти болсун деген документке Алмазбек Атамбаев кол койгонун да көрсөттүңүз. Президенттин бүгүнкү аппарат жетекчиси сизге каршы ар кандай жалган маалыматтарды таратып, бет тырмап жатканын айттыңыз. Айткандарыңызды көпчүлүк эл “мына сага” деп колдоду. Бирок, сиз тууралуу эл арасында көп сөздөр айтылып жүрөт. Аларга да далилдүү жоопторуңузду бербесеңиз болбойт го. Ысык-Көлдөгү пансионатты жакын туугандарыңызга каттатып койгон деген суроого теле аркылуу толук жооп бердиңиз окшойт. Бирок, 2010-жылы апрель окуясынан кийин Максимдин пансионатынан кымбат баалуу эмеректердин баарын чыгарып кетип, анын ордуна кытайдын эмеректерин койдуруп койгонуңуз тууралуу жооп ачык бойдон калып кетти. Буга да жооп берсеңиз туура болмок. Бул биринчиси.

Экинчиси, президент майрам күнү аянтта банктагы ячейкаларды тоногондор өз жазасын алат деп айткан. Элдин көбү, ячейкадагы акчаларды Убактылуу Өкмөттөгүлөр бөлүп алган деген ойдо. Муну сиз деле угуп жүрсөңүз керек. Ячейка боюнча кылмыш иши козголгондо, сиз прокуратурада иштеген адамдарга телефон чалып, 10 миң долларды кайра салып коёюнчу деп суранганыңызды угуп калуудабыз. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?  Сизге ячейкадагы акчадан канча бөлүнгөн эле?

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *