УИАда жазуучу жана публицист Чоюн Өмүралиевдин эмгектерине сереп салган илимий-практикалык конференция өттү

“Ч.Өмүралиевдин монографияларындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маселелери”  аталышындагы иш-чарага катышкан илимпоздор – философия, социология, саясат жана тарых илимдерин изилдөөчүлөр жазуучу, ойчулдун буга чейин жарык көргөн китептери тууралуу ар тараптуу ойлорун ортого салышып, сын-пикирлерин айтышты. Ошондой эле конференциянын соңунда жарыш сөзгө орун берилди. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Саясий илимдеринин доктору, профессор М.Шеримкулов, философия илимдеринин доктору, профессор К. Исаев, философия илимдеринин доктору К.Сариева, философия илимдеринин доктору, профессор К.Ажибекова жана философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Урманбетова ж.б. Ч.Өмүралиевдин “теңирчилик”, “курултай” жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнө байланышкан эмгектерине карата илимий докладдарын окушту.

Социолог, Кусейин Исаев Чоюн Өмүралиевдин китептери кыргыз улуту үчүн эң маанилүү эмгек экендигин белгилеп кетти:

Анын эмгектериндеги дүйнөнү толук бир туташ, бирдиктүү философиялык көрүнүш катары түшүнүү аракети баарыбыз үчүн көз артаарлык, суктанаарлык деп эсептейт элем. “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең” – деген эмгегинде биздин улутубузга тиешелүү улуттук түшүнүктөрдү колдонуу менен келечекти  кантип куруу сунушу айтылган. Мисалга, “Теңирчилик- мамлекеттүүлүк”, “Эл – мамлекеттүүлүк”, “Манас жана Манас цивилизациясы” – деген бөлүктөрдө бул маселелер баардык тарабынан философиялык талдоого алынган.

Ал эми философия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева Чоюн Өмүралиевдин эмгектеринин элге жакындыгын айтып төмөнкүчө баа берди:

Чоюн Өмүралиевдин эмгектери тарыхый практикадагы элдин акылмандыгынан жыйналган, ойлору да бөтөн элдин теориясына жана авторлоруна шыкалбай, көркөм каражаттарга бай, жуурулушкан, жорго сөз менен кулакка жатык ой калчагандыгы менен жакын болду. Окурманга автордун эмгектерин аны менен бетме-бет, уй мүйүз отуруп маектешкендей сезим калтырат. Автор ата-бабалар басып келген руханий жолду улады. Мындай эркин ойлом эмпирикалык материалдар, мифологиялык аң-сезим, көркөм, экологиялык-практикалык ойлом жана өткөнгө жана келечекке философиялык ой-чабыт аны этнофилософияга алып келди дээр элем.

Философия илимдеринин доктору, профессор Клара Ажибекова теңирчилик философиясындагы баалуулуктарга токтолуп, мындай пикирин ортого салды:

Теңирчилик көз караштагы көчмөн философиясы үнөмдүүлүктү, экологиялуулукту, руханийлүүлүктү  жогору коет. Кыргыздын боз үйдөгү жашоо образы, урунган буюму эле муну далилдеп турат. Жердеги жашоонун ыракаты, үрп-адат, каада салттардагы баалуулуктарды эле алгылачы! Адамзат бүгүн цивилизациянын, руханийликтин кризисинде турат. Биз жаңы жол издешибиз керек, анын ичинде теңирчиликтин көз караштарын да ортого алып көрүшүбүз зарыл.

Катышуучулар тарабынан Ч.Өмүралиевге илимий даража ыйгаруу боюнча сунуш киргизилип, демилге резолюцияга киргизилди.

Маалымат үчүн: Ч.Өмүралиев “Теңирчилик. Коом – мамлекет”, “Теңирчилик. Бурут Тамга – Төрөн тил” эмгектеринин жана “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең” макалаларынын автору. Ал негизинен кыргыз идеологиясына таандык болгон – “эгемендүүлүк”, “теңирчилик жана ислам” жана “коом менен мамлекеттин гармониясы” маселелерин көтөрүп келет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *