Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда коронавирустун белгилери бар адамдарга күнү-түнү кеңеш берилет

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлерди дене табы көтөрүлгөн жана коронавирустук инфекциянын башка белгилери бар адамдарга күнү-түнү кеңеш берет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда консультация бере турчу телефон номерлер ачылып, дарыгерлер бейтаптарды кабыл алып жатат. 118 номерине салып, тез жардам кызматын күтө бербей, аймактык дарыгерлерге кайрылыңыздар. Тиешелүү кеңеш алыңыздар. Жергиликтүү дарыгерлер чечим кабыл алышат. Эгер ооруканага жаткыруу керек болсо, анда ооруканага жаткырылат” – деп билдирди министр.

Министрдин айтымында, акыркы кездерде оорунун оор формалар көбөйүп, жаштар өзүн-өзү дарылап, дарыгерлерге барбай калгандыктан каза болушууда.

“Дарыгерлерге өз убагында кайрылбоо өлүмгө алып келиши мүмкүн” – деп билдирди министр.

Сабиржан Абдикаримов, кайсы ооруканада бош орундуктар бар экенин аныктай турчу бригадалар түзүлгөнүн, мындан тышкары тез жардам кызматынын 20 тез жардам бригадасы түзүлгөнүн кошумчалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *