Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » УКМК: 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Атамбаевчилер Биринчи май сотунун судьясына карата күч колдонуп, аны эркиндикке чыгарууга чечим чыгартып алышкан
Саясат

УКМК: 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Атамбаевчилер Биринчи май сотунун судьясына карата күч колдонуп, аны эркиндикке чыгарууга чечим чыгартып алышкан

Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча соттун өкүмүнүн негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда сот органдары 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин карап жатышат.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май сотунун судьясына карата күч колдонулуп, натыйжада ал кысым астында баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Бул факт боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө, жогорудагы чечимди жокко чыгаруу маселеси каралууда. Учурда Атамбаевдин баш коргоо чарасы мурдагы бойдон калууда, деп белгилейт департамент.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт