УКМК Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана башка “Элдик парламенттин” лидерлерине каршы кылмыш ишин козгоду

Бүгүн, 12-майда УКМК “Элдик парламенттин” лидерлери Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев жана башкаларга каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-295-бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана 27-231-бийлик өкүлүнө каршы күч колдонууга даярдануу беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын билдирүүсү боюнча “Элдик парламенттин” лидерлери алдын-ала сүйлөшүп, өз ара тилге келүү менен өлкөдөгү коомдук-саясый абалды дестабилдештирип, күч колдонуу менен бийликти басып алууга даярданышкан. Азырынча УКМКга Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаевдер кармалып алып келинген.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Элдик парламенттин” лидерлери 17-майда Алмаз Атамбаевди тынчтык жол менен бийликтен кетиребиз деп жарыялап жатышкан.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *